Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сооданын көлөмү кескин кыскарды


Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз айылы
Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз айылы

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бир жылдан бери жабык турушу Тажикстандын Согд облусунун экономикасына терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу ("Азаттыктын" тажик кызматы) жазып чыкты.

Анда 2021-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сооданын көлөмү экономикалык кызматташтыктын тарыхындагы эң төмөнкү деңгээлге жеткени айтылат. Тажик бийлиги көрсөткүч таптакыр жок болуп кетиши мүмкүндүгүн четке какпайт. Согд облусунун статистикалык башкармалыгынын директору Нахат Хакимзода 16-февралда билдиргендей, былтыр Кыргызстан менен соода жүгүртүү 25,1 миллион долларды түзсө, анын 3,3 миллион доллары экспорт, 21,8 миллион доллары импорт.

Бажы департаментинин адистери Тажикстандын түндүгүндөгү бир катар элет аймактары түшүм сатып жан баккандыктан чек арадагы сооданын кыскарышы тынчыздандырат деп белгилешкен.

2021-жылдын жазында чек арада ондогон адам набыт кеткен куралдуу кагылышуудан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси оор сыноого кабылды. Кыргызстан чек араны бир тараптуу жапкан.

Чектеш аймактагы акыркы жаңжал 27-январда болду. Эки өлкө чыр-чатактарда бири бирин күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG