Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:03

Москва Украинада орус аскерлери курман болгонун мойнуна алды


Киевде кыйрап түшкөн учак.
Киевде кыйрап түшкөн учак.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштун төртүнчү күнүндө гана орус аскерлеринин арасында жоготуу бар экенин мойнуна алды. Бирок курман болгон жоокерлердин так санын атаган жок.

Министрликтин мындай мүнөздөгү билдирүүсүн Орусиядагы мамлекеттик "РИА Новости" жаңылыктар агенттиги 27-февралда жарыялады.

"Орусиялык аскер кызматкерлери "атайын аскердик операциянын" тапшырмаларын аткарууда кайратын жана баатырдыгын көрсөтүп жатышат. Тилекке каршы курман болгон жана жаракат алган жолдоштор бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок Коргоо министрлиги украин аскерлеринин арасындагы жоготуу орус күчтөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк экенин кошумчалаган. Бирок муну бышыктай турган эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Буга чейин Украинанын бийлиги орус күчтөрү 3 миңдей аскеринен, ондогон аскердик техникасынан айрылганын билдирген. Ошондой эле украин өкмөтү Кызыл чырым уюмуна кайрылып, каза тапкан "миңдеген" орус аскерлерин мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку билдирүүсүндө туткунга түшкөн орус аскерлери бар экенин бышыктады. Бирок канча жоокер жөнүндө кеп болуп жатканын тактаган эмес.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында куралдуу кармаш уланып жатат. Бир күн мурда Украинанын бийлиги 200дөй украин жараны курман болгонун билдирген.

Орусия бул чабуулун Украинанын "демилитаризациясын" көздөгөн "атайын аскердик операция" деп мүнөздөгөн. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Москванын кадамын ачык согуш жана агрессия деп сыпаттап жатышат.

XS
SM
MD
LG