Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Киевде чабуул күчөдү


Киевдин артиллериялык аткылоого кабылган аймагы, 26-февраль 2022-жыл.
Киевдин артиллериялык аткылоого кабылган аймагы, 26-февраль 2022-жыл.

Орусиянын күчтөрү Киевдин Троещина районунда жайгашкан ТЭЦ-6 жылуулук электр борборуна чабуул коюп жатат. Бул тууралуу Украинанын Атайын коммуникация жана маалыматты коргоо боюнча кызматы Киев убактысы боюнча түнкү саат 2:30 чамасында билдирди.

Маалыматка ылайык, Киевдин айрым аймактарында учурда жарылуунун добушу угулууда. Муну Телеграмдагы каналдарга жарыяланган видеолор да күбөлөп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, украин баш калаасынан 30 чакырым алыстактагы Васильков аймагында орус десанттары конууга аракет кылып жатат. Украинан куралдуу күчтөрү каршылык көрсөтүүдө.

Президент Владимир Зеленский түн жарымын утурлай жарыялаган видео кайрылуусунда орус күчтөрү чабуул койгону жатканын, Киевди колдон чыгарбаш керектигин, түн оор өтөрүн эскерткен.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

XS
SM
MD
LG