Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Руслан Казакбаев Британиянын элчиси менен Украинадагы абалды талкуулады


Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт.
Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 24-февралда Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, тараптар Украинадагы абалды талкуулап, Казакбаев президент Садыр Жапаровдун кырдаалды тынчтык, дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилегенин айтты.

Казакбаев менен элчи эки тараптуу алаканы да талкуулап, 2022-2025-жылдары Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы кызматташуу боюнча жол картанын долбоорун эртелетүү жөнүндө баарлашышты.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жарандары өлгөнү тууралуу маалыматтар бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG