Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Украинанын президенти жарандарга курал таратууга уруксат берди


Украинанын картасы. Ушул тапта атышуулар жүрүп жаткан аймактар.
Украинанын картасы. Ушул тапта атышуулар жүрүп жаткан аймактар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясынын чабуулуна татыктуу жооп кайтарып, кармаш өлкөнүн дээрлик бардык аймагында уланып жатканын билдирди.

24-февралдагы атайын брифингде ал аскерлер жардамга муктаж экенин кошумчалап, Украинанын суверенитетин коргоону каалаган жарандардын баарына курал таратыла баштаганын белгиледи.

“Биздин элдин келечеги азыр ар бир жарандан көз каранды. Курал кармоо тажрыйбасы бар ар бир киши Украинаны коргоого кошулса болот. Бул үчүн алар тиешелүү борборлорго келиши керек. Ички иштер министрлиги мамлекетти коргоо үчүн ардагерлерди да тарта баштады”, - деди ал.

Украинанын президентинин кеңсеси ушул убакка чейин Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болуп, ондогон жоокер жараат алганын кабарлаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, бастырып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. (ErN)

XS
SM
MD
LG