Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Орусия: мигранттар алган медициналык документтин жарактуу мөөнөтү узарды


Москвадагы миграциялык борбордун алдында кезек күткөн мигранттар. 18-февраль, 2022-жыл.
Москвадагы миграциялык борбордун алдында кезек күткөн мигранттар. 18-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядагы чет элдик жарандарга берилүүчү медициналык сертификаттын жарактуу мөөнөтү бир жыл болуп узартылганын маалымдады. Эми Орусиядагы мигранттар жылына бир жолу медициналык кароодон өтөт.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, баңгизат жана психотроптук заттарга карата химиялык-токсикологиялык сертификат 13 жаштан жогорку жарандарга тиешелүү. Коронавирус инфекциясы медициналык текшерүүнүн алкагындагы жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды. Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөртүлгөн жобосу 1-марттан тартып күчүнө кирет. Мурда мындай медициналык кароодон үч айда бир жана алты жаштан баштап текшерүүдөн өтүшү керек болчу.

Орусияда 2021-жылдын 29-декабрынан баштап өлкөгө иштегени кирген чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү федералдык эки мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, чет өлкөлүк эмгек мигранттары манжа изин (дактилоскопиялык каттоо) каттатууга, сүрөткө түшүүгө, психотроптук каражатка, маңзатка көз каранды эместигин, жугуштуу оорусу жоктугун медициналык жактан күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

Кыргыз парламенти Орусиядагы жаңы мыйзамдар Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон Кыргызстандын ал өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын чектейт деп сындап чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG