Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Түз ободо Украина: Покровск, Кураховодо абал оор

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:56 10.9.2024

Подмосковьедеги дрондордун чабуулу, жарадарлар бар

10-сентябрда Москва облусундагы Раменский аймагында дрон көп кабаттуу үйгө тийген. Орус бийлиги чабуул үчүн Украинаны айыптады.

46 жаштагы бир адам каза таап, төрт адам жараат алды, үчөө ооруканага жеткирилгенин Подмосковья облусунун губернатору Андрей Воробьёв билдирди. Өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Дрондун чабуулунан аз дегенде жыйырма батир талкаланып, алты балкон толугу менен күйүп кеткен. Дагы алтоонун айнеги күбүлүп түшкөн.

12:49 10.9.2024

Украинага түнкү чабуул: 38 дрон атып түшүрүлдү

Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн билдиришинче 10-сентябрга караганда Орусия Украинанын аймагын 46 дрон, эки ракета менен аткылады. 38 дрон атып түшүрүлдү. Абадан коргоо күчтөрү Украинанын 13 облусунда иштеген.

Черкас облусунда 14 дрон атып түшүрүлгөн. Дрондун сыныгынан эки адам жарадар болуп, аларга жардам көрсөтүлгөн.

Херсон облусундагы Понятовка айылында жүргүнчү ташыган автобуска учкучсуз учактан жардыргыч ыргытылган. Андан бир аял жараат алганын жергиликтүү бийликтен кабарлашты.

11:18 10.9.2024

Бир жылда орус армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөндөрдүн саны алты эсеге өскөн. Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы федералдык бюджеттин чыгашаларына таянып жазды.

Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын биринчи жарымында 26 700 адам келишим түзгөнү үчүн бир жолку төлөм алса, быйылкы жылдын ушул мезгилинде алардын саны 166 миңге жеткен.

Келишим түзгөн аскерлердин санынын кескин өсүшү биринчи кезекте аларга төлөнүүчү акчанын көбөйүшүнө байланыштуу экени белгиленген.

Москвада Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөрдүн бир жолку сый акысынын өлчөмү 1,9 миллион рублга, Москва облусунда 1,7 миллионго, Ростов облусунда 1,2 миллионго, Башкырстан менен Дагестанда 500 миң рублга жеткен.

Ушуга байланыштуу апрель айынан июнга чейин эле дээрлик 93 миң киши орус армиясын менен келишим түзгөн.

Би-Би-Синин орус кызматынын жана "Медиазона" басылмасынын соңку эсебинде Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери 61 009 орус аскери каза тапкан. Бул тек-жайы такталгандары гана. Каза тапкандардын саны мындан да көп болушу ыктымал.

Буга чейин "Медуза" жана SOTA басылмалары орусиялыктарга Украинадагы согушка чакырган СМС билдирүүлөр келип жатканын кабарлаган. Билдирүүдө "Коргоо министрлиги менен келишим түз. 800 миң рубль жана жеңилдиктер дароо берилет. 117ге чал!", - деп жазылган.

17:43 9.9.2024

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Иран Орусияга жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды берген болушу мүмкүн деген маалыматтарды четке каккан жок. Дүйшөмбү күнкү маалымат жыйында Песков Москва менен Тегеран «бардык тармактарда, анын ичинде сезимтал чөйрөдө» кызматташтыкты өнүктүрүп жатканын жана мындан ары да улантарын билдирди.

Ирандан ракеталарды алуу тууралууу кабарларга кайрылып, «бул өңдүү маалыматтар дайым эле чындыкка дал келбесин» белгиледи.

Тегеран Москвага Украинадагы согушта пайдалануу үчүн деген ракеталарды өткөрүп бергенин булактарга таянып, The Wall Street Journal гезити жана CNN телеканалы жазган. Иран расмий түрдө маалыматты четке кагууда.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку өкүлү Фазлулла Нозари 9-сентябрда Батыштын андай маалыматы “психологиялык согуштун” бир бөлүгүн түзөрүн ирандык медиага айтты.

Associated Press (АР) агенттиги жекшембиде кабарлагандай, АКШ Иран Украинада колдонсун деп, жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракетеларды Орусияга бергени тууралуу өнөктөштөрүн кабардар кылды. Агенттиктин атын атабаган маектештери канча курал, кандай жагдайда өткөрүлүп бергенинин чоо-жайын айтышкан жок.

Ошол эле маалда Ак үй Тегеран Москвага ракеталарды бергенин расмий бышыктай элек. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши, андай маалымат тастыкталса, «олуттуу эскалацияны» билдирерин белгиледи.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги маалымат каражаттары жарыялаган кабарларга тынчсыздануусун билдирип, ал чын болуп чыкса, украин-иран мамилелерине «кыйратуучу залакасын» тийгизерин белгиледи.

Согуш башталгандан бери буга чейин Иран орусиялык кардарларды жүздөгөн дрон менен камсыз кылган. Муну менен катар Тегеран Москва Украинага кол салгандан бери курал бергенин четке кагууда. Иран ал бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG