11-майга караган түнү Белгород облусундагы бир нече кыштак украин аскерлеринин аткылоосуна кабылганы, андан сегиз адам жарадар болуп, ондогон үйлөр жабыркаганын аймактын губернатору Вячеслав Гладков маалымдады.
Гладковдун сөзүнө караганда, ок-дарынын чачырандысы тийген беш адам ооруканага жеткирилген, дагы үч адамга жеринен медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кеминде 45 үйдүн айнектери талкаланып, чатыры, дубалдары жана томсолору кыйраган. Бир нече автоунаага зыян келтирилген.
Аткылоого чек арадагы эл жашаган айылдар да кабылып, үч имарат жана эки автоунаа кыйраган. Беш кыштактын эли электрсиз калган.
Түндө Курскиге да эки дрон чабуул койгонун облус губернатору Роман Старовойт маалымдады. Анын сөзүнө караганда, дрондордун бири сарайдын жанына кулап, үйлөрдүн айнектерин талкалаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түндө Белгород облусунун аймагынан тогуз дрон жана 21 ракета жок кылынганын, ал эми Курск жана Волгоград облустарынын үстүнөн жети дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Орусия Украинага кол салгандан бери эки өлкөнүн чектеш айыл-кыштактары аткылоолорго дуушар болуп келет. Бири-бирин тынч элди аткылоого айыптаган Москва менен Киев адатта мындай айыптоолорго комментарий бербейт.
Ак үйдөн жума күнү кабарлашкандай, Украинага жаңы бөлүнгөн жардамдын суммасы - 400 млн доллар. Ал курал-жарак, ок-дары, аскер техникаларын оңдоп-түзөө кызматын камтуу менен чогуу украин аскерлерин окутууну да каржылайт.
Бул жардам алкагында Украина артиллериялык HIMARS системаларын, анын ракеталарын жана NASAMS комплекстери үчүн ракеталарды, танктарды жана абадан коргонуучу снаряддарды, бронетехникаларды алат. Мунун баары АКШнын базаларынан жиберилет.
Бул 60 млрд доллардан ашуун жардам тууралуу мыйзамга быйыл апрелде президент Байден кол койгондон берки аскердик жардамдын үчүнчү траншы.
400 млн долларлык жардамды жиберүүгө президент Жо Байдендин жарлыгы жетиштүү, Конгресстин макулдугу зарыл эмес. Чечим жума күнү Харьковдогу фронтто кырдаал курчуп, Орусиянын аткылоосу күч алган учурда кабыл алынды.
Украин бийлиги абалды "чындыгында татаал" деп сыпаттап, америкалык жардамдын чукул келиши Орусиянын чабуулунун мизин кайтарууга көмөктөшөт деген үмүтүн билдирди.
Ровеньки мунай базасына жасалган чабуулдан үч киши мерт болуп, дагы жети адам жараат алды. Жарадар болгондордун арасында бала бар. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары өзүн "Луганск элдик республикасы” ("ЛЭР") деп атаган жикчил аймак башчыларына шилтеме кылып жума күнү маалымдашты.
Чабуулдан мунай базасы өрттөнүп кеткенин РБК агенттиги жикчил аймактын башчысы Наталия Пащенкого шилтеме кылып жазды.
Маалыматты көз карандысыз булактан тастыктоого азырынча мүмкүн эмес.
Луганск облустук аскердик администрациянын башчысы Артём Лысогордун мунай базасына урулган соккудан кийин "баскынчыларда күйүүчү май жетишсиздиги пайда болду" деген сөзүн РБК-Украина агенттиги жазды.
Мурдараак кабарлангандай, 7-май күнү Луганск шаарын аткылоодон Орусиянын көзөмөлүндө турган аймакта мунай базасы өрттөнүп кеткен. Өзүн "ЛЭР" деп атаган аймактын Москва дайындаган жетекчиси Леонид Пасечник чабуул үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптаган.
Украинада армиядан качкан 11 миң жаран коңшу Румынияга мыйзамсыз кире качкан. Бул тууралуу румын чек ара полициясы билдирди. Сигету-Мармацией шаарындагы чек ара полициясынын жетекчиси Флорин Командын айтымында, 18ден 60 жашка чейинки украиналык эркектер дароо румын бийлигинен башкалка сураган. Ал чек араны кесип өтүү аракетин көргөн 19 адам набыт болгонун билдирди. Алардын он бири Украина менен Румыниянын ортосундагы Тиса дарыясына чөгүп кеткен.
Украин парламенти мобилизациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам 11-апрелде Жогорку Радада экинчи, жыйынтыктоочу окууда каралып, кабыл алынды.
Долбоордо үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин аскерден бошотуу тууралуу да жобо бар эле. Бирок аны Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Александр Сырскийдин өтүнүчү менен алып коюшканы белгилүү болду. Демобилизация тууралуу мыйзам өзүнчө иштелип чыгары айтылды.
Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы согушуп келет.
3-апрелде Зеленский аскерге 500 миң кишини мобилизациялоо зарылчылыгы азырынча жок экенин айткан. Бирок, анын белгилешинче, бул "адилеттик маселеси". Былтыр 19-декабрдагы пресс-конференцияда Зеленскийдин аскерге 500 миң кишини чакыруу сунушталганы жөнүндөгү билдирүүсү кызуу талкуу жараткан.
2-апрелде украин президенти аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койгон.