Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

"Улуттук энергохолдинг" электр энергиясын үнөмдөө жөнүндө эскертти


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

"Улуттук энегохолдинг" мамлекеттик компаниясы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,4 миллиард метр кубга жеткенин, бул былтыр ушул маалга салыштырмалуу 1,5 миллиардга аз экенин билдирди. Ишкана мындан улам сууну үнөмдөө максатында, жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Былтыр март айынын аягында Токтогулдагы суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга чейин азайган. Энергетиктер ушул тушта керектөөлөр өскөнүн эске алганда кыштан кийин, тактап айтканда быйыл апрелге карата суунун көлөмү 6 миллиард метр кубга чейин азайышы мүмкүн экенин эскертишкен.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 миллиард метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүү чектелген. Адистер суу 6 миллиард метр куб болуп азайса ГЭС авариялык абалга кабыларын эскертип келишет. Өкмөт Токтогул ГЭСинде "коллапска" жол берилбесин убада кылган.

Аталган ГЭС Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Нарын дарыясына курулган суу сактагычка 19 миллиард метр куб суу батат. Ага ошондой эле Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент өңдүү дарыялардан дагы суу топтолот.

XS
SM
MD
LG