Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:19

Баткен: Жапаров аэропортторго учак түндө конгудай шарт түзүүнү тапшырды


Раззаков (мурдагы Исфана) шаарындагы аэропорт.
Раззаков (мурдагы Исфана) шаарындагы аэропорт.

Баткенде 22-февралда Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында Баткен облусундагы аэропортторго байланыштуу маселе көтөрүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен жана Раззаков (мурдагы Исфана) шаарларындагы аба майдандардагы каттамдардын санын көбөйтүү, учак күн сайын каттагандай болушу керектигин билдирди.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров азыр учактар түнкүсүн коно албай турганын айтып, бул абалды оңдоону тапшырды.

Жыйында Баткен шаарындагы аба майдандын учуп-конуу тилкесин узартуу үчүн президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнө дагы беш гектар жер бөлүп берүү тууралуу кайрылуу болгону, бирок жер берилбеси тууралуу жооп алынганы айтылды.

"Учурда аэропторттун учуп-конуу тилкесинин узундугу 1800 метр, эл аралык стандарттарга жооп бериши үчүн узундугу 2000 метр болушу керек. Түштүк тараптагы башынан дагы 400 метрдей жер керек",- деди "Манас" эл аралык аба майданынын жетекчиси Бакыт Шаршеев

Акылбек Жапаров бул маселени чечүүгө бир ай мөөнөт берди.

Министрлер кабинетинин көчмө жыйында негизинен “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланды.

Президент Садыр Жапаров бул мыйзамга өткөн жылы сентябрда кол койгон. Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралган. (ArN)

XS
SM
MD
LG