Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Казакстанда мурдагы коргоо министри кармалды


Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов.
Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов.

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын сайтында жарыяланды.

Анда айтылгандай, прокуратура быйыл январдагы окуялар учурунда Бектенов кызматта туруп, эч кандай аракет кылган эмес деген негизде 19-февралда кылмыш ишин козгогон. Ал 20-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Калган маалыматтар “тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу ачыкталган эмес”.

Мурат Бектанов Казакстандын Коргоо министрлигин 2021-жылдын августунан бери жетектеп келген. Соңку нааразылыктардын фонунда, президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен 19-январда кызматтан алынган. Ошол күнү күч тармагындагы министрлер менен жолуккан учурда Токаев “тополоң маалында армияны пайдалана албай, сырттан жардам суроого аргасыз болгонун” айткан эле. Касым-Жомарт Токаев “Бектанов командирлик сапаттарын көрсөтө албаганын” кошумчалаган. Президент жаңы коргоо министри кылып ИИМдин Улуттук гвардиясынын мурдагы жетекчиси Руслан Жаксылыковду дайындаган.

Январь окуяларына байланыштуу мурдараак Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов да кармалган. Ага мамлекеттик чыккынчылык, кызматынан ашыкча пайдалануу жана бийликти күч менен басып алуу айыптары тагылган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер кийин Казакстандын башка аймактарына жайылып, башаламандыктар менен коштолду. Нааразылыктар учурунда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ыйгарым укуктарынан толук баш тартуусун жана азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин кызматын тапшыруусун талап кылган чакырыктар ташталган. Акциялар тополоңдор жана талап-тоноолор менен коштолуп, бийлик аны "сырттан даярдалган террорчулар" ишке ашырды деп кабарлаган. Буга ишеничтүү далилдерди келтире элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, бул окуяларда 227 адам каза болгон. Бийлик алардын аты-жөндөрүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымдарын өз алдынча топтоп жатышат. Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды. (ErN)

XS
SM
MD
LG