Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:54

"Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөлдүн өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты


Иллюситрациялык сүрөт.
Иллюситрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 18-декабрда "Лимонти" деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Сот чечимине ылайык айыпталуучу Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылып, ага амнистия колдонулган. Шамиевдин камакта кармалган эки жылын эске алуу менен, жаза мөөнөтү кыскартылып, алты жылга соттолду. Мындан тышкары, айыпталуучу моралдык чыгым катары жабырлануучу тарапка 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берет.

2020-жылдын 28-мартында Нарында бычакталган Алмазбек Сулаймановдун (кылмыш чөйрөсүндө Лимонти деген каймана аты бар) өлүмүнө шектүү катары 26 жаштагы Талгат Шамиев кармалган.

XS
SM
MD
LG