Журналист Семетей Талас уулу УКМКга сурак берип чыкты. Атайын кызматтын маалыматында, ал экстремисттик материалдарды таратуу беренеси боюнча көрсөтмө берген.
Эркин журналист Семетей Талас уулун 18-февралда түшкө маал УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кеткен. Бул тууралуу анын жакындары айтып чыгышты.
Маалыматка ылайык, укук коргоо кызматкерлери журналисттин үйүн тинтип, андан кийин аны жана ага таандык бир нече китепти алып кетишкен.
Бул ишке күбө болгон журналисттин кайненеси Динара Тургуналиева окуяны төмөнкүчө баяндады:
"Бир нече киши үйгө келип ашканадагы, анын бөлмөсүндөгү китептерди карады. Семетей өзү намаз окуйт. Исламга байланыштуу китептерин алып кетишти. Эмне болгонун мен деле түшүнбөй калдым. Мен сүйлөшкөндөрүнөн кайсы бир материалды тараттың деп жатышты. Ошону эле түшүндүм".
Бул маалымат чыккан соң социалдык тармактарда талкуу жүрүп, Семетей Талас уулун эркиндикке кое берүүнү талап кылган чакырыктар айтылды. Журналисттер жана активисттер УКМКнын имаратынын алдында Талас уулун колдоо акциясы өтөрүн жарыялашты.
Дал ушул акция башталар алдында Семетей Талас уулу чыгып, УКМКга күбө катары сурак бергенин билдирди. Ал тергөө аяктамайынча кайсы иш боюнча чакырылганын ачык айта албай турганын белгиледи. Сурактын журналисттик ишмердигине тиешеси жок экенин айтты.
"Мени күбө катары, Фейсбукка бөлүшкөн пост боюнча чакырышыптыр. Эми УКМК өз жумушун кылып жатса керек. Мен ошонун негизинде күбө катары өз көрсөтмө бердим. Менин үйүмдөгү тогуз китепти да алып кетип, экспертизага жөнөтүштү. Ал жерде корко турган же мыйзамга каршы келген эч нерсе жок. Биздин муфтияттын уруксаты менен басылган китептер", - деп билдирди.
Талас уулу соңку окуяны өзүнө басым деп эсептебей турганын, мындан ары да бийликтин саясаты боюнча өз пикирин ачык айтарын кошумчалады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Семетей Талас уулу Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылганын билдирди. Аталган мекеме "учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат" деген билдирүү менен чектелди.
Атайын кызмат күбө катары чакырылган адамдын үйүндө эмне себептен тинтүү болгонун, буга чейин чакыруу жөнөтүлбөгөнүн түшүндүргөн жок.
Дал ушул жагдайды эске алган бир катар активист, журналисттер Семетей Талас уулунун УКМКга сурак беришин сөз эркиндигине басым катары сыпаттап жатышат. Алардын бири адвокат Акмат Алагушев:
"Эч кандай чакыруу жөнөтпөй туруп, УКМКга алып келиши туура эмес. Муну кайсы бир деңгээлде басым, коркутуу, башкаларга эскертүү катары санаса болот. Анткени, күбө катары өтчү адамды чакыруу жиберип, мыйзам чегинде сурак кылса болмок. Бирок бул жолу андай болбогонун көрүп жатабыз".
41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазчу. Соңку жылдарда Талас уулу интернеттеги баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга баа берип, бийликтин "осол иштерин" сындаган пикирлерди жазып келет.
Кыргызстанда буга чейин интернеттеги маалыматты бөлүшкөнү үчүн кылмыш иши козголуп, суракка чакырылган учурлар болуп келген. Былтыр жыл аягында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов камакка алынып, кийин үй камагына чыккан. Анда саясатчынын атынан жазылды делген Фейсбуктагы билдирүү буга себеп болгону айтылган. Бактыбек Калмаматов муну четке кагып, бийликке айткан ачуу сын пикирлеринен улам куугунтукка кабылганын билдирген.
Ушул ай башында болсо оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов “бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган” деген шек менен эки айга камалган. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Ураимов кылмыштын белгилери бар материалдарды интернеттеги социалдык түйүндөрдө таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалган. Бирок Ураимовдун тарапкерлери муну куугунтук деп санашууда. Алар 18-февралда Өзгөндө нааразылык акциясын өткөрүп, Ураимовду эркиндикке чыгарууну талап кылышты.
Мындан сырткары бир ай мурун иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыптоо боюнча кармалып, бир күндөн соң бошотулган.
Дал ушул иштерди жарандык коомдун өкүлдөрү сөз эркиндигие кысым катары сыпатташууда. Бирок бийлик өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагып, ар бир иш мыйзам чегинде тергелип жатканын айтып келет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку маалымат жыйынында өлкөдө сөз эркиндигине басым жок экенин билдирген.
"Журналисттерге катуу ыкмаларды колдонууга капа болдум. Журналисттерге мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек. Кыргыздын "арыдан бери болуш керек" деген сөзү бар. Сиздерге эч ким тийишкен деле жери жок. Азыр басым катары баа бергенден алысмын, тергөө иши бүткөндө анан баа бере алабыз. Террорист, бандиттерге күч колдонуш керек. Баңгизаттан алыс бололу, эки тарап жаңжалдашып атканда калыс карайлы. Журналисттер менен сылык-сыпаа мамиле курганды үйрөнгөнбүз, мындан ары да үйрөнө беребиз".
Бирок бийликтин мындай жооткотуусуна карабай Кыргызстандагы медиа уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары коркунучка кабылды деп тынчсызданышууда. Алар 15-февралда атайын кайрылуу таратып, журналисттерге жана жарандык коомго карата басымды токтотууга чакырган.