Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:46

Билл Гейтс Пакистанда балдардын шал оорусу жакында жок кылынарын маалымдады


Билл Гейтс менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан.
Билл Гейтс менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс Пакистандагы полиомиелит (балдардын шал оорусу) илдетине каршы күрөшүү жакшы жемишин берип жатканын, өлкөдө бул вирус жакынкы жылдары толук жок кылынарын маалымдады. Бул тууралуу ал аталган өлкөнүн борбору Исламабадга жасаган иш-сапары учурунда айтты.

Билл Гейтс менен анын мурдагы аялы Мелинда Гейтс дүйнө өкмөттөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан ишке ашырылган Полиомиелитти жок кылуу боюнча дүйнөлүк демилге фондуна каржылык жардам көрсөтүп келет. Фонд Пакистанда полиомиелит вирусун жок кылуу аракеттерин күчөткөн жана өлкөнүн премьер-министри Имран Хан Гейтсти конок болуп кетүүгө чакырып, чоң сыйлык ыйгарды.

Пакистан менен Ооганстан полиомиелит оорусу жоюла элек өлкөлөр болуп саналат. Аларда ооруга каршы вакцинациялоо каршылыктар менен коштолуп келет. Ислам жоочулары вируска каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди өлтүрүп кеткен учурлар катталган. Экстремисттер вакцинация жергиликтүү балдарды тукумсуз кылууну көздөгөн Батыштын планы деп айтышат.

Балдардын шал оорусу, же полиомиелит - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Айыктыруучу дары жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.

2002-жылдан бери Кыргызстан "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификатына ээ. Ага карабай өлкөдө бул вирус катталган учурлар бар жана эмдөө уланып турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG