"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялады.
Мамлекеттик компанияга чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жүргөн жаш кадрлар, менежерлер тартылганы айтылды, бирок алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек.
Холдингдин дымактуу демилгелери тууралуу эксперттердин пикири бир кылка эмес.
Президент Садыр Жапаров “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине байланыштуу 16-февралда кеңешме өткөргөн. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы анда "ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьелук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган 32 долбоор сунушталып, билим берүү, туризм, медицина тармагын өнүктүрүү демилгелери айтылды" деп билдирген.
Долбоорлордун арасында Ысык-Көлдө цемент заводун куруу, жылына 5 миллион тонна көмүр казууга мүмкүн болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин казуу, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу каралган.
Улуттук холдингдин башчысы болуп “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк дайындалганы 15-февралда белгилүү болгон.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров басма сөз жыйынында билдирген. Анда "Улуу көчмөндөр мурасынын" уставдык капиталы 10-15 миллиард сомдун тегерегинде болорун, президенттин катышуусунда 282 млн. доллардан турган бюджети бекитилгенин айткан.
"Чет мамлекеттерде ийгиликке жеткен, кыргызстандык мекендештер жетектеген 20га жакын компаниялар ишенип келип жатат. Жакын арада бир топ долбоорлорду көрөсүздөр. Ошонун ичнде чалгындоо иштери дагы 12 чоң кенде жүрөт. 100% мамлекеттин карамагында болгон мекемелерге Жерүйдөй кылып сынак кылбайбыз. "Улуу көчмөндөрдүн мурасына" беребиз. Алар бизнес долбоорун иштеп, каржы булактарын иштеп чыгып анан астыга чыгат. Мисалы Таластагы Бала-Чычкан темир кени 6 млрд. доллар, Жетим-Тоо 4 миллиард доллар алып келе турган кен".
"Азаттык" президенттин басма сөз кызматы аркылуу холдингдин өкүлдөрү, менежерлери менен байланышууга аракет кылды. Бирок бул макала жазылып жаткан жакта эч кимден комментарий ала алган жок.
Президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү Теңгиз Бөлтүрүк менен өздөрү байланыша албай жатканын билдиришти.
Ал арада социалдык тармактарда Теңгиз Бөлтүрүктүн холдинг тууралуу ой-пикири деген билдирүү жарыяланды. Анда мамлекеттик компанияга буга чейин чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн 17 кесипкөй менежерди топтогонун, аларга кен казууга байланыштуу жалпысынан 22 лицензия берилгенин, бир катар гидроэнергетикалык ири долбоорлор ишке ашарын билдирген.
Ошондой эле, "Аврора" пансионаты, "Каприз" лыжа курорту, "Карвен 4 сезона" пансионатынын 33% үлүшү өтөрү айтылган.
Тенгиз Бөлтүрүк эмки аптада Иранга барып, Бандар-Абас портун ижарага алуу тууралуу келишимге кол коюларын жазган.
"Перс булуңуна, дүйнөдөгү бардык деңиз, океанга чыгууга жол ачылат. Иран мындай мүмкүнчүлүктү жалгыз бизге, Кыргызстанга берип жатат. Бул порт аркылуу биз Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдөн, Орусия менен Кавказдан товар ташый алабыз", - деп айтылат анда.
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров "Азаттыкка" комментарий берип, мамлекет начар менежер экенин белгиледи. Адис мындан улам бюрократия, коррупция өңдүү маселелерге токтолду.
"Мен негизи эле мамлекет чарба иштерине аралашканына толугу менен каршымын. Мамлекет бул иштерге аралашканда атаандаштык жактан жыйынтыгын албетте жеке ишканаларга салыштыра албайсың. Экинчиден, ал жакта коррупция күчөйт. Бюрократиядан улам натыйжалуулук жоголот. Мамлекет койгон кадрлар убактылуу иштеп жатканын билет, компания үчүн күйүп-бышпайт. Мындай 10 жылдык, 50 жылдык пландар эч качан болбойт. Аларды катуу көзөмөлдөө керек, ошондо деле болбой эле коррупцияга жол ачылат. Кыргызстандагы, чек жактардагы кайсы гана мамлекеттик ишкананы албайлы, бардык жерде эле көрсөткүчтөр бирдей, жакшы эмес. Бул көптөгөн ысырапкорчулукка алып келет, натыйжалуулук болбойт. Анын ордуна долбоорлорду жеке ишканаларга берип, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк компанияларды түзүп, салыктарды так коюп, мамлекет ошол салыктарды туура колдонсо, ошол милдетин жакшы аткарса эле ушул эле нерселер мамлекетке жетиштүү болмок. Чарбага аралашып көмүрчүлөрдү, алтын казгандарды таап, ошого убакытын, энергиясын кетирүү мамлекетке кереги жок жумуш, кереги жок жүк. Эми баарын убакты көрсөтөт. Бирок буга чейинки тажрыйба, иштер бул эч кандай натыйжа бербей турганын көрсөткөн. Советтер Союзу деле 70 жыл башкарып, акыры кулабадыбы".
Талдоочу Айданбек Акмат уулу холдингдин ири долбоорлорду ишке ашыруу дымагынан күмөн санагандардын бири.
"Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сөзү менен Кыргызстанды жакыр эмес, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуп койгон. Бул жакта дагы көбүнчө сөз ошондой. Көбүнчө популизм жана сөз. Реалдуу турмушта болсо кымбатчылык, калк кыйналып жатат. Камбар-Ата сыяктуу долбоорлорду ишке ашырабыз деп Бакиевдин тушунан бери эле айтылып келет. Бүгүн дагы бир топ долбоорлорду, 32 долбоорду айтып жатпайбы. Бул долбоорлорду ишке ашыруу качан реалдуу болот? Качан гана алардын каржы булагы аныкталып, ал Жогорку Кеңеш аркылуу өтүп, мыйзам менен бекип, ошондо гана ишене баштаса болот. Болбосо долбоорлор ишке ашат деп мен деле айта берем. Мен маселен 32 эмес, 68 долбоорду деле айтам".
Бирок бийлик өкүлдөрү план-программаларды ишке ашырууга кудурети жетерине ишендиргенге аракет кылып келет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыктын" соңку "Эксперттер талдайт" берүүсүндө өкмөт убадаларын иш жүзүндө көрсөтөрүн айткан.
"Азыркы учурда коомчулуктун, журналисттердин, керек болсо эл аралык коомчулуктун бизден күмөн санап "силерди көргөнбүз, кагазда эле кооз-кооз сүйлөп жатасыңар" дегендей сөздөрүнө терикпейбиз. Анткени убагында бир канча өкмөт ошентип эле кеткен. Азыркы учурда биз иш менен көрсөтөбүз. Мунун баары реалдуу, көзүбүз жетип турат".
Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинг түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген. Анда былтыр жыл башында ант берип кызматка киришкенде эң биринчилерден болуп кол койгон "Кен казуу тармагын реформалоо тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу үчүн негизделгени айтылган.