Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда маалымат жыйын өткөрүп, жакынкы жылдары экономика, энергетика жана кен тармагында ири долбоорлор башталарын жарыялады.
Жапаров бийлик өлкө экономикасын көтөрүүдө, элдин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн ички ресурстарга таянарын айтты.
"Туруктуу экономикага үч жыл керек"
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров экономиканын өнүгүүсү үчүн туруктуулук керек экенин айтып, аткаруу бийлигинде кеминде үч жыл иштеп берүү ниетин билдирди. Жапаров бийликтин дымактуу демилгелерин ишке ашыруу үчүн алгачкы кадамдар башталганын, ага мисал катары ишкерлерди салыктан калкалаган система жоюла баштаганын айтты. Салыктын эсебинен мугалим, дарыгер сыяктуу кызматкерлердин айлыгы 50-100% чейин көтөрүлөрүн белгиледи.
"Финансы министри болуп келгенден бери Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз алкоголь тармагын калкалагандарды жок кылуу программасын ишке ашырып бүттүк. Ошонун ичинде өзүнүн орун басарын дагы жумуштан алды. Мына, январь айында беш эсе көп салык төлөп берди. Акча чогула баштады. Мен муну айтып жатканым, пенсия, айлыкты салыктын гана эсебинен көтөрө алабыз. Январдагы көрсөткүчтөр жаман эмес, февраль дагы жакшы келе жатат. Эгерде март жакшы болсо мугалим, дарыгер, социалдык тармактарда иштеп, аз айлык алып жаткандардын айлыгын дароо көтөрөбүз. 1-апрелге чейин 50%, 1-октябрдан кийин дагы 50% көтөрөбүз. Милиция кызматкерлердикин дагы тең кылабыз", - деди Жапаров.
Кымбатчылыкка токтолгон Жапаров дүйнөдө инфляция болуп, импорттон көз каранды Кыргызстанга дагы анын кесепети тийип жатканын түшүндүрдү. Кымбаттоого жараша айлык, пенсияны жогорулатуу планы бар экенин кошумчалады.
Ал чоң базарлардын соодагерлеринин арасында талаш жаратып ишке ашпай жаткан ККМ аппараттары (көзөмөл кассалык машинелери) тууралуу түшүндүрмө берди. Жапаровдун айтымында, жаңы Салык кодекси менен чоң бизнестен салык алуу системасы кирип жатат.
"ККМди 90-жылдары эле кое бериш керек эле. Мурдагы министрлер "менден кийинкилер киргизе берсин" деп жүрүшкөн. Баарын патентке таратып жибергенбиз. Айталы, жыгачты 6 миң сом деп каттатып, 15 миң сомго саттырып аткан жигиттерден биз салык алышыбыз керек. Эптеп жан багып аткандарга ыраазычылык эле айтып жатабыз. Дүкөндө арак сатып атса, ошол ичимдикти кайдан алып жатканын сурап атабыз. 100дүн бирин бер десек, "Акылбек Жапаровду айдап чыгыш керек" дей башташты. Колунда барлар салык төлөбөсө, биз кантип жетим-жесирлерди багабыз? Соода 8 млн. сомго чейин болуп жаткандарга тийишпейбиз. Биз системаны өзгөртүп жатабыз, эл менен күрөшкөн жерибиз жок. Мен эл мененмин”.
Акылбек Жапаров базарларга ККМ аппараты качан толук кирерин так айткан жок.
Өкмөттүн дымактуу ири долбоорлору
Министрлер кабинетинин төрагасы калктын жашоо-шартын жакшыртуу менен бирге бийлик дымактуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсенип жатканына токтолду. Маселен, энергетика тармагында жакынкы аралыкта "Камбар-Ата 2" ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушун баштоо жана келечекте Кумтөрдүн акчасына күн нуру менен иштей турган станция Токмокто, Ош, Жалал-Абадда куруу планы бар. Жапаров алдыңкы 50 жылда атомдук станция куруу планын кошумчалады.
Ошондой эле Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу долбоорунун багыты тууралуу да маалымат берди. Темир жолду Нарын облусунун аймагынан Макмал аркылуу Жалал-Абад облусунан Өзбекстанга чейин куруу сунушталууда.
Жапаровдун айтымында, дал ушул багыт ыңгайлуу катары каралып жатат. Мындан тышкары Орусия менен бирге Кара-Кече - Кочкор - Балыкчы жолунун курулушун баштоо пландалып жатканын билдирди.
“Кумтөр былтыр 220 млн доллар киреше тапты”
Маалымат жыйында Акылбек Жапаровго Кумтөр кени боюнча көп суроолор берилди. Ал Кумтөр кени 2021-жылы 220 миллион доллар таза киреше бергенин айтып, кен боюнча канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен сүйлөшүү аягына чыгып калганын, жакында коомчулукка, Жогорку Кеңештин депутаттарына толук маалымат берилерин маалымдады.
""Центерра" менен 15-мартка чейин тынч ажырашууну макулдаштык. Тышкы башкаруу киргенде 48 миң доллар болчу эсебинде. Төрт-беш жылда даярданып, "кыргыздар акыры алат" деп ойлоп эле жүрүшүптүр. Эсептерди чет мамлекетке ачып, акчаны ошол жакта кармаган. 329 миллион долларга чейин киреше көрдүк. Резервдик көрсөткүчтөрү бар. 220 миллион доллар таза киреше берип жатат. Бул салыктан башка. Акыркы сүйлөшүүлөр бүткөндө айтып беребиз", - деди өкмөт башчы журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Акылбек Жапаров Кумтөр менен сүйлөшүү бүтсө эле, алтынды сатуу үчүн Good Delivery макамындагы лицензиясы кайтарылат деп үмүттөнө турганын айтты. Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын сатылып, кыргыз экономикасына жумшалып жатканын, алтынды өлкөдө алып калуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи:
"Биздин алтын сыртка чыккан жери жок, биз аны сатып атабыз. Андан түшкөн каражаттар экономикага киргизилип жатат. Буга чейин 410 тонна сыртка сатылып кеткен. Биз мындан ары колдон келсе, Кыргызстандын ичинде алып калсак деп жатабыз. Азыр ага өкмөттүн, Улуттук банктын, башка банктардын да мүмкүнчүлүгү бар. Бир жылдын ичинде кыргыз элине бир үй-бүлөдө алтын туяк болбосо дагы кыргыздын алтыны болсун деген ниетте миң доллар бир жылкы деп тыйын чыгаралы деп жатабыз. Бир граммдан 10 килограммга чейин алтынды жарандар сатып алсын деп жатабыз", - деди Жапаров.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев 10-февралда Акылбек Жапаровду Кумтөр кенине байланыштуу маалымат бербей жатат деп сындаган.
"Кумтөр боюнча Акылбек Жапаровго кайрылдым. Канча алтын өндүрүлдү, канча алтын сатылды, канча алтыныбыз бар, канча алтын Улуттук банкка коюлду? Ушул тууралуу маалыматты элге берейин дегем. Тилекке каршы, жооп болгон жок. Элден, депутаттардан жашырган маалымат бар экен деп ойлоп калдым. Элдин арасында Акылбек Жапаров жөнүндө сөздөр көп", - деди Токторбаев.
"Жетим-Тоо иштетилет"
Кен демекчи, Акылбек Жапаров буга чейин коомчулук арасында ар кандай нааразычылыкты жаратып келген Жетим-Тоо жана Бала-Чычкан кендерин Кыргызстан өзү иштете турганын айтып, учурда геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатканына токтолду. Бул сыяктуу ири кендерди иштетүүнү колго ала турган Теңгиз Бөлтүрүк жетекчилик кылган "Улуу көчмөндөрдүн мурасы” мамлекеттик ишканасынын уставдык капиталы 10-15 миллиард сомдун тегерегинде болуп, президенттин катышуусунда 282 миллион доллардан турган бюджети бекитилди.
Айтылган убада аткарылабы?
Ошентип, эки сааттан ашык убакытка созулган Акылбек Жапаровдун маалымат жыйынында жалпы 50дөй суроо берилди. Маалымат жыйынга байкоо салган эксперттер Жапаровдун пландарын, 100 күндүк ишмердүүлүгүнө ар кандай баа берип жатышат.
Саясатчы, мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев Министрлер кабинетинин ийгилиги менен кемчилигине токтолду.
"Негизи, учурдагы башкаруу түзүмүндөгү тажрыйбалуусу жана билимдүүсү Акылбек Жапаров. Өкмөттү башкарып жатканындагы бир нерсени так айтыш керек. Концептуалдык планы бар жана алгылыктуу нерселерди айтып жүрөт. Тилекке каршы, кайсы бир чечимдери чийки жана бир жактуу болуп калган учурлары бар. Элдин арасындагы ошол эле Салык кодекси, жер маселеси боюнча талаштар бар. Ошондой бир жактуу маселелерди ийне-жибине чейин изилдеп чечкенде жакшы болмок. Жеке мага Акылбек Жапаровдун иштеп жатканы ишеним жаратат", - деди Каптагаев.
Саясатчы Равшан Жээнбеков Министрлер кабинетинин ири пландарынын ишке ашарына ишенбей турат. Анын пикиринде, учурда мамлекеттик башкарууда кесипкөй адистерден чогулган команда жок жана өлкөнүн ички ресурстары чектелүү.
"Долбоорлорду сөз менен айта берсе болот. Реалдуу ишке келгенде бир топ кыйынчылыктарга туш келет. Президент Министрлер кабинетине башчы тандаганда эки себепти карайт. Президенттин айтканын аткарышы керек, ошол эле учурда ишти тартып кетиши кажет. Акылбек Жапаров буга туура келген мамлекеттик кызматкер. Бирок, Министрлер кабинети Акылбек Жапаровго гана тиешелүү эмес, ал чоң команда. Акылбек Жапаров жана 2-3 министр гана чыныгы адистер. Мамлекет алдына казынаны гана көбөйтөбүз деген план койгону туура эмес. Мамлекет натыйжалуу башкарууну жана демократиялык коом түзөбүз деп максат коет. Азыр андай максат жок. Дүйнө жүзүндө өлкө өнүгөбүз десе, бардык мамлекет менен мамиле түзөт. Азыр Кыргызстан бир дагы өлкө менен жакшы мамиле түзө алган жок", - деди Жээнбеков.
Акылбек Жапаров жаңы Конституцияга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы болгон биринчи адам. Анын кызматка киришкенине 8-февралда 100 күн болду.