Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Шольцтун Орусияга сапары. Согушту алдын алуунун акыркы үмүтү


Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. 15-февраль, 2022-жыл. Москва.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. 15-февраль, 2022-жыл. Москва.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевден кийин 15-февралда Москвага барды.

Немис канцлери Путинге эмнени сунуштайт? Олаф Шольцтун Орусияга сапарын айрымдар катардагы визит дешсе, башкалары согушту токтотуп калуунун акыркы мүмкүнчүлүгү деп аташууда.

Киевдин сабырына таң калган канцлер

Немис канцлери Олаф Шольцтун Орусияга сапары чыңалуу чегине жеткен учурга туура келип, тынчтыкты сактап калуудагы чечүүчү жолугушуу катары каралууда. Ал кырдаалды жайгаруу үчүн сунуштар топтому менен сапарга чыкканы кабарланды. Бир күн мурда Олаф Шольц Киевде президент Владимир Зеленский менен сүйлөштү.

«Мен украин өкмөтүнө бир нече жумадан бери түзүлгөн кооптуу кырдаалга карабастан, сабырдуу турганына өзгөчө ыраазымын. Биз Украинаны ушундай жоопкерчиликтүү саясатты уланта берүүгө үндөйбүз. Биздин жалпы максат – кырдаалды курчутпоо», - деди Шольц.

Шольцтун сапары

Ошондой эле ал шейшембиге караган түн жарымында Берлинге кайтып барып, 15-февралда таң эрте Путин менен жолугушуу үчүн кайра Москвага жол тартты.

Анын ат тезегин кургатпаган сапарынын өзөгүн Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучун алдын алуу маселеси түзөт. Путинди чек арадан аскерин чыгарып, тирешти токтотууга көндүрүү Шольцтун колунан келеби деген суроо күн тартибинде турат. Анткени жаңжалдын алдын алууга абдан аз убакыт калганы көрсөтүлгөн.

АКШнын чалгын кызматтары Орусиянын Украинага кол салуу планы 16-февралда башталышы мүмкүн экенин эскерткен.

Немис канцлеринин алдында француз президенти Эммануэл Макрон жана Улуу Британиянын эки министри Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кеткен.

Москвага сапар тартардын алдында Олаф Шольц НАТО жана АКШ иштеп чыгып, Киев менен макулдашылган конкреттүү сунуштар топтому Орусияга жиберилгенин жана ал Москвага барганда ага тиешелүү жоопторду алып, кайтышы керек экенин айтты.

Москванын мандемдүү ишараты

Шольцтун Москвага сапары башталган маалда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Беларус менен биргеликте "Урагыс бир туугандык" деген аскердик машыгуулар жыйынтыкталып жатканын билдирди.

Шойгунун айтымында, буга байланыштуу Украинага жакын жайгашкан 130 миңден ашуун аскеринин жарымы артка кайтат:

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путин менен.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путин менен.

«Аскердик машыгуулардын бир бөлүгү аяктап жатат. Калган бөлүгүндөгү машыгуулар жакын арада жыйынтыкталат. Белгилей кетүүчү жагдай, бардык багыттар боюнча душмандын ар кандай аракеттерине каршы пландар каралды. Анын ичинде кургактагы, суу астындагы жана деңиз жээгиндеги душмандын аракеттерине каршы иш-чаралар иштелип чыкканын белгилегим келет», - деди министр Шойгу.

Ошол эле кезде Батышта Орусиянын кол салуу планын четке кагып жатканына ишеним аз. Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс 15-февралда Москва кол салуу планын эбак бекиткенин жана каалаган учурда аны ишке ашырарын айтты:

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Чоң жетинин" саммиттинде. 12-декабрь, 2021-жыл.
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Чоң жетинин" саммиттинде. 12-декабрь, 2021-жыл.

«Биз мурдагыдай эле, Орусия Украинага басып кириши толук мүмкүн деп эсептейбиз. Ал болбой койбойт. Ошондой эле биз орустар аябай мыкты даярданганын билебиз. Ошондуктан алардын аскерлери туш-тараптан Украинаны курчап турат. Алар муну абдан кыска убакытта жасай алышат», -дейт Лиз Трасс.

Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельник Шольцтун Москвага сапарын кризисти дипломатиялык жол менен чечүүнүн “акыркы мүмкүнчүлүгү” деп атады. Анын айтымында, Киев жакынкы күндөрү Орусия Украинага абадан сокку урушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

"Бул согуш коркунучу бизге эле эмес "

Украин президенти Владимир Зеленский муну жалпы Европага жасалган согуш коркунучу деп кабыл алды:

Владимир Зеленский, Украинанын президенти.
Владимир Зеленский, Украинанын президенти.

«Биздин өлкө бир бөлүгү болуп саналган Европадагы коопсуздук архитектурасынын болочогу бүгүн дал Украинада чечилүүдө. Биз бул маанилүү жараяндагы чечүүчү ыкмаларды талкуулап, украин мамлекетинин коопсуздугун камсыздоону конкреттүү укуктук кепилдиктер менен толуктадык. Орус-украин чек арасындагы кырдаал курчуса, ал бүтүндөй Европа жана дүйнө жүзүнө коркунуч алып келет».

Украина Германиядан дагы кошумча курал-жарак сураганы белгилүү болду. Киев Берлинден танкка каршы 12000 даана ракета жана 1000 даана зениттик курал-жабдык алууга муктаж экенин Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельник 15-февралда билдирди.

Орусия аскердик машыгуу деген шылтоо менен украин чек арасына жакын аймактарга оор аскердик техникасын, авиациясын жана 130 миңден ашуун аскерин жайгаштырып, АКШ башында турган НАТОдон коопсуздук кепилдиктерин берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG