Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Зеленский менен Байден телефондон сүйлөшөт


Владимир Зеленский, Украинанын президенти.
Владимир Зеленский, Украинанын президенти.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен “жакынкы сааттарда” телефондон сүйлөшө турганын украин президентинин кеңсеси 13-февралда билдирди.

Бул жолку чукул сүйлөшүү дагы коопсуздук маселесине арналып, Орусия Украинага кол салат деген кооптонгон учурга туура келди.

Бул кабар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 13-февралда "Киевдеги америкалык элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоо чечими Орусиянын кол салуу коркунучуна негизделди" деп айткандан кийин чыкты.

Батыш өлкөлөрү Москва Киевге каршы согуштук аракеттерди башташы мүмкүн деген кооптонууга байланыштуу өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөп жатат.

«Кечээ биз АКШнын Киевдеги элчилигинде иштеген америкалыктардын көбүнө чыгып кетүүгө буйрук бердик», - деди Блинкен жапониялык жана түштүк кореялык кесиптештери менен сүйлөшкөндөн кийин.

"Орусиянын аскердик аракетинин коркунучу жетишерлик жогору жана коркунуч жакын. Ошондуктан бул кылдаттык менен жасалган нерсе", - деген Блинкен Орусиянын Украинага кол салуусуна шылтоо катары ар кандай чагымды жокко чыгарууга болбой турганын кошумчалады.

"Эгер Орусия чагым же чырды тутандырып, андан кийин буга чейин пландап келген аскердик аракеттерин актоо үчүн колдонсо, эч ким таң калбашы керек", - деди Блинкен.

XS
SM
MD
LG