Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Булганган аба акыл-эске зыян


Бишкекти каптаган ыш. Акыркы жылдары айрыкча ноябрдан март айына чейин баш калааны түтүн каптап, абанын булганышы башкы маселеге айланып келет.
Бишкекти каптаган ыш. Акыркы жылдары айрыкча ноябрдан март айына чейин баш калааны түтүн каптап, абанын булганышы башкы маселеге айланып келет.

Швеция заараны кайра иштетүү аркылуу жер семирткичтерин алгысы келет. Кытай окумуштуулары булганган аба акылга зыян экенин айтышты. Маймылдардын адамдарга окшош дагы бир белгиси аныкталды. Узаган аптадагы илим жаңылыктарынын топтомун сунуштайбыз.

Заара кантип экологияны сактай алат?

Швециянын эң чоң аралы Готландда таза суунун көлөмү аз. Жергиликтүүлөр айыл чарбасына колдонулган жана канализация түзүмдөрүнөн арткан кир суунун аймактын экосистемасына тийгизген таасиринен жабыр тартып келишет. Эми бул көйгөйдү чечүү үчүн адамдар кадимки заарага ишенип турушат.

2021-жылы изилдөөчүлөрдүн тобу көчмө даараткананы ижарага берген жергиликтүү компания менен кызматташып баштаган. Иштешүүнүн негизги максаты – атайын жасалган суусуз дааратканаларды чыгаруу менен 3 жыл аралыгында 70000 литр заара чогултуу. Бул үчүн Уппсала шаарындагы Швед айыл чарба илимдер университетинин (SLU) атайын тобу Sanitation360 компаниясын негиздеди. Изилдөөчүлөр сунуштаган ыкмага ылайык, алар чогулган заараны кургатып, порошокко айлантып, жер семирткичке айлантышат. Андан соң, ал арпа өстүрүү үчүн колдонулат.

Окумуштуулардын айтымында, мындай жол менен заараны кайра иштетүү чоң масштабта кадыресе колго алынса, айлана-чөйрөгө пайдасы зор болмок. Заара ар кандай азыктандыруучу заттарга, калийге жана микроэлементтерге бай болгондуктан, айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн жер семирткич катары колдонууда миңдин бири. Швед айыл чарба илимдер университетинин (SLU) инженер-химиги Притхви Симханын сөзүнө ишенсек, киши заарасы дүйнөдөгү бардык азоттук жана фосфордук жер семирткичтеринин төрттөн бир бөлүгүн алмаштырууга жетет. Андан тышкары, заараны тазалоого короп жаткан сууну үнөмдөөгө жана чоң канализациялык түзүмдөрдүн толуп кетишине жол бербөөгө шарт түзүлмөк.

Заараны кайра иштетүүнү бир гана Швеция эмес, АКШ, Австралия, Швейцария сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн ондогон окумуштуулары изилдөөгө алып, ал үчүн ар кандай ыкмаларды сунуштап келишет.

Булак: Nature

Булганган аба акылга зыян

Булганган аба когнитивдик жөндөмдөргө түздөн түз таасир этет. Айрыкча жашы өткөн адамдар үчүн таасири чоң. Мындай жыйынтыкты абасы эки башка көрсөткүчтөгү эки шаарда жашаган 2812 адамдын акыл жөндөмүн көп жыл бою салыштырып көргөн кытай окумуштуулары чыгарышты. Изилдөө The Lancet илимий журналына жарыяланды.

Окумуштуулардын тажрыйбасына 2014-жылдан бери абанын булганышына каршы долбоорлор ишке ашырылып, жыл сайын аба сапаты 5%дан кем эмес көрсөткүчтө жакшырып жаткан шаарда жашаган жана мындай иштер такыр жүргүзүлбөгөн калаа тургундары катышкан. 2014 жана 2018-жылдары катышуучулар когнитивдик жөндөмдөрдү баалоого багытталган оор тесттерден өтүшкөн. Экологиялык программалар ишке ашырылбаган абасы булганыч шаардын тургундары ошондо эле төмөн жыйынтык көрсөтүшкөн. Төрт жылдан кийинки жыйынтык бул ажырым дагы чоңойгонун көрсөткөн. Тажрыйбанын жыйынтыгына таянып, окумуштуулар когнитивдик

жөндөмдөр менен аба сапатынын байланышы бар экенин айтышат. Муну булганган абадагы зыяндуу заттардын майда бөлүкчөлөрү кан же дем алуу аркылуу организмге кирип, денени уулап жатканы менен түшүндүрүшөт. Бирок ошол эле убакта тамеки чегүү, аз кыймылдуулук, жалгыздык, акыл жөндөмдөрүн талап кылган иштерди аткарбоо дагы когнитивдик жөндөмдөрдүн начарлашына себеп экенин четке каккан болбойт. Ошентсе да, изилдөөнүн авторлору экологияга кам көрүүчү долбоорлор аркылуу шаар тургундарынын саламаттыгын сактоо мүмкүн экенин белгилешет.

Булганган аба Бишкек үчүн дагы чоң экологиялык көйгөй. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт. Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек алдыңкы сапта.

Булак: The Lancet

Маймылдын адамга дагы бир окшоштугу аталды

Маанилүү иш-чара учурунда адамдар стресске кабылып, колунан жакшы келген ишти деле ката аткарып коет эмеспи. Бул нерсе маймылдарга да мүнөздүү экенин Жоржия штатынын университетинин окумуштуулары тажрыйбасына таянып билдиришти.

Окумуштуулардын кызыктуу тажрыйбасы үчүн капуциндер тандалган. Себеби, мурдагы тажрыйбаларда маймылдын дал ушуш түрүнүн эс тутуму адамдыкындай болуп чыккан. Жаныбарларга компьютердик тапшырма беришкен. Кээ бир тапшырмалар үчүн жакшы сыйлык жана туура эмес жооп үчүн жаза каралса, калган тапшырмалар жөнөкөй болчу. Капуциндер эки түрлүү тапшырмага эки башка реакциясын көрсөтүшкөн. Чоң сыйлыгы бар тапшырмалар чоң жоопкерчиликти пайда кылып, жаныбарлардын жүрүм-турумуна таасир эткен.

Маймылдардын тапшырма үчүн сарсанаа болушун окумуштуулар адамдардын сынак тапшыруудагы, спорттук таймаштардагы же жумушка кирүү үчүн маектешүүлөрдөгү сезимдерине салыштырышты. Ошентип, кандайдыр бир ишти аткарууда чоң жоопкерчилик артылгандыктан, ката кетирүү ыктымалдуулугунун жогорулашы адамдарга гана мүнөздүү эмес экени анык болду. Бул тажрыйба эми стресстин ишмердүүлүккө тийгизген таасирин азайтуунун жолун табууга жардам берет.

Булак: Scientific Reports

XS
SM
MD
LG