Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Издөөгө алынбай "изин сууткан" жетекчилер


Орозбек Опумбаев жана Кашкар Жунушалиев. 19-июнь, 2019-жыл
Орозбек Опумбаев жана Кашкар Жунушалиев. 19-июнь, 2019-жыл

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Мурдагы эки жетекчини Октябрь окуялары боюнча жоопко тартуу талабы айтылып келет. Бирок бийлик алмашкан учурдагы тополоң боюнча Опумбаев менен Жунушалиев тергөөгө чакыртыла элек. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып буларга токтолду:

“Мурдагы министрлердин өздөрүнө козголгон кылмыш иши жок. Бирок, 5-6-октябрда (2020-жылы) болгон окуялар боюнча тергөө жүрүп жатат. Күнөөсү далилденсе жоопко тартылат. Жеке өздөрүнө козголгон кылмыш иши жок жана издөө жарыяланган эмес”.

Былтыр февралда Курманкул Зулушев “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” программасында Опумбаев менен Жунушалиевге издөө жарыяланып, кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын маалымдаган.

Алардын издөөгө алынганын Садыр Жапаров да президенттин милдетин аткарып жаткан кезде - 2020-жылы 2-ноябрда айткан. Анда Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп, 5-октябрдагы тополоңдо каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу жөнүндө суроого минтип жооп кайтарган:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Түбөлүк биздин эсибизде калат. Бүгүнкү күнгө чейин УКМКнын мурдагы башчысы менен ИИМдин мурдагы башчысы жок, изделип жатат. Кимдер команда берген? Эл менен милициянын кагылышуусуна күнөөлүүлөр жазага тартылат”, - деген Садыр Жапаров.

19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам катуу жараат алып каза болгон. Андан тышкары элдик тополоңдо жүздөгөн адам ар түрдүү жараат алган. Алардын отузга жакынын көзүнө ок тийип, сегизи бир көзүнөн айрылган. Элди кууп таркатуу учурунда милиция желим ок, көздөн жаш агызган газ, кулак тундуруучу жардыргычтарды колдонгон. Жарандар аларга каршы таш ыргыткан.


Кашкар Жунушалиев ички иштер министри кызматына 2018-жылы дайындалып, 6-октябрда элдик тополоңдун арты менен кызматтан кеткен. 9-октябрда болсо ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткон. Опумбаев атайын кызматты бир жылдан ашык убакыт башкарды.

Октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишиндеги айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин пикиринде, мурдагы эки жетекчинин ишине укуктук баа берилиши керек:

Канат Сагымбаев
Канат Сагымбаев

“Опумбаев менен Жунушалиев мамлекеттик коопсуздуккка жана тынчтыкты сактап берүүгө милдеттүү болчу. Алар өздүк курамдын башында тургандын ордуна, жумуштарын таштап салып качып кеткен. Бул юридикалык баа бериле турган кылмыш. Экөөнү колунан жетелеп келип жоопко тартыш керек болчу. Кашкар Жунушалиев азыр күч органдарын жетектеп жаткандар менен жакшы мамиледе. Ошон үчүн ага иш козголбойт. Эгерде Орозбек Опумбаевге иш козголо турган болсо, анда Жунушалиев да жооп бериши керек. Андыктан “элдин көзүнө көрүнбөй тургула” деген команда болсо керек. Болбосо, суракка чакыртылып же издөө жарыяланмак”.

Октябрь окуяларынан улам козголгон кылмыш ишин Ички иштер министрлиги тергеп, азыр сот иштери жүрүп жатат. Анда жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов.

Азыркы тапта Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдон башкасы үй камагына чыгарылган. Жакында эле камактан бошотулган Жеңиш Молдокматов төмөнкүдөй оюн билдирди:

Жеңиш Молдокматов
Жеңиш Молдокматов

“Октябрь окуялары боюнча козголгон иш 105 томдон турат. Кылмыш иштеги 100гө жакын адам Опумбаев менен Жунушалиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган. Териштирүү учурунда жактоочуларыбыз менен сотко өтүнүч келтирип, мурдагы эки жетекчини соттук териштирүүгө катыштыруу өтүнүчүн келтиргенбиз. Бирок колдоо тапкан жок. Октябрь окуяларында алардын түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептейм. Себеби, биринчи элге карата ок атылган. Алар башаламандыкты болтурбай койсо болот эле. Көп жарандарыбыз жараат алды. Бүгүнкү күнгө чейин эч ким жооп берген жок”.

Опумбаев да, Жунушалиев да Октябрь окуяларынан кийин эл алдына чыга элек. Алардын кайда экени белгисиз.

Жунушалиев Кой-Таш окуясы боюнча негизги күбө

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди Кой-Таш окуясы боюнча соттук ишке да алып келүү өтүнүчү бар.

Ал иштеги айыпталуучулардын бири, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүүнү сунуштады:

Таалайкүл Токтакунова
Таалайкүл Токтакунова

“Сот отурумунда Башкы прокуратуранын кишилери Кашкар Жунушалиевди таппай жатабыз деген. Анын дареги белгисиз болгондуктан, ага маалымдама бере албай жатканын айтышкан. Ал тергөө учурунда Курсан Асановго каршы көрсөтмө берген. Ал учурда министр болуп турган. Бийлик алмашып кеткенден кийин сотко алып келе албай жатабыз. Аны мажбурлап алып келиш үчүн Жунушалиевге чакыруу кагазын бериши керек экен. Аны берейин дешсе, дарегин билишпейт. Дайыны жок”.

2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын УКМКнын төрагасынын ошол кездеги башчысы Орозбек Опумбаев башкарган. Ал операциясы ийгиликсиз аяктап, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болгон, алты жоокер барымтада калган.

Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта дагы уланып, аны Кашкар Жунушалиев башкарган Ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго колго түшүп берген. Бул окуядан кийин Асанов кызматтан алынып, ага кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Александр Зеличенко милиция кыйын кырдаалга кептелгенин айтууда.

Александр Зеличенко
Александр Зеличенко

“Кашкар Жунушалиевге кылмыш ишин козгоону демилгелеп жаткан тарап анын кайсы мыйзамды бузганын так айтыш керек. Негизи эле милицияны Аксы окуясынан бери карай болушунча саясатташтырып салышты. Ошон үчүн милиция эмне кылышты билбей жатат. Ар кандай уюмдар, жарандар “куралды таштап, эл менен бириккиле” деп кыйкырат. Бул деген милиция үчүн кызматтык кылмыш. Митинг кылып жаткан элге кошулуп кетүү берген антты бузуу болуп эсептелет. Алар азыркы учурда абдан оор абалда турат”.

Буга чейин 60 жаштагы Жунушалиев менен 58 жаштагы Опумбаев Орусиянын аймагында экени айтылган. Бирок бул маалымат расмий тастыкталган эмес.

Алар Кыргызстанда бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери үн катып, өздөрү тууралуу сын-дооматтарга жооп бербей келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG