Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс Москвага барды


Лиз Трасс. Лондон, 2022-жыл
Лиз Трасс. Лондон, 2022-жыл

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс 10-февралда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Орус башкалаасына баргандан кийин, шаршембиде Трасс “Орусия куралдуу күчтөрүн алып кетүүгө, Украинанын эгемендигин урматтоого тийиш же болбосо олуттуу кесепеттерге туш болушу мүмкүндүгүн так айтарын” "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ал эми Лавров Британиянын расмий адамдары "риторикасын өзгөртүүгө тийиш" деп билдирди.

Украинанын айланасындагы кризисти жөнгө салуу аракеттеринин алкагында британ премьери Борис Жонсон Варшава жана Брюсселге бармакчы. Немис канцлери Олаф Шольц Берлинде Балтика боюндагы үч мамлекеттин лидерлери менен кездешкени жатат.

Бул аракеттер Беларус менен Орусия биргелешкен аскердик машыгуу баштаган учурга туш келди. Өз кезегинде Украина дагы 10-февралдан тарта машыгуу жүргүзүүдө.

Америкалык алгачкы аскерлер Германиядан Румынияга барды. Вашингтон украин кризисинен чочулап, НАТОнун Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн күчтөндүрөрүн билдирген.

Пентагон 3-февралда Польшага жана Германияга да аскерлерин жөнөтүү планын жарыялады.

XS
SM
MD
LG