Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Макрон дипломатиялык аракеттердин алкагында Киевге барды


Франциянын президенти Эммануэл Макрон шаттл дипломатиясын улантып, 8-февралда Киевге барды. Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен кездешүүдө орус-украин чек арасындагы кырдаал талкууланмакчы.

Алдыңкы күнү Макрон Москвада президент Владимир Путин менен беш сааттык сүйлөшүүдө “конкреттүү коопсуздук кепилдиктерин” сунуш кылганын билдирди. Анын айтымында, орус лидери ошол багытта иш алып барууга даярдыгын, Украинадагы стабилдүүлүктү жана аймактык бүтүндүгүн сактоо каалоосун ортого салды.

Франциянын президенти орус лидеринин көз караштары айрым маселелерде Евробиримдиктин позициясынан айырмаланарын билдирди.

"НАТОнун “ачык эшик” саясаты уюмдун иш алып баруусу үчүн маанилүү, ар бир өлкө блокко мүчө болобу же жокпу, аны өзү чечүүгө укуктуу, жаңы кепилдиктердин үстүнөн эски макулдашуулар аткарылганда гана иштесе болот",- деп белгиледи Макрон.

Батыш Москва 100 миңден көп жоокерин жана техниканы украин чегине тартуу менен кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деп чочулайт. Кремл андай планы жоктугун айтканы менен, аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кеңири коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Орусия "Украина НАТОго кошулбашы керек" деген шарт койгон.

XS
SM
MD
LG