Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Салливан: Орусия Украинага бир нече күндүн ичинде кол салышы мүмкүн


Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан.

Орусия Украинага бир нече күндүн же аптанын ичинде кол салышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 6-февралда бир катар америкалык телеканалдарга курган маегинде билдирди.

"Биз Владимир Путин Украинага кол салууга буйрук берет деген абдан анык ыктымалдуулук бар деп ишенебиз. Анын формасы ар түрдүүчө болушу мүмкүн. Ал эң эрте дегенде эртең болушу мүмкүн, же бир аптанын ичинде орун алышы ыктымал. Ал армиясын жайгаштыруу менен өзүн Украинага каршы каалаган учурда агрессивдүү аракетке өтүүгө мүмкүнчүлүк берген позицияга коюп алды. Биз украиналыктарга материалдык жардам көрсөтүүгө өнөктөштөрдү үндөө үчүн катуу иштеп жатабыз", - деди Салливан ABC телеканалы менен маегинде.

Ал Орусиянын болжолдуу аракеттеринин арасында Украинанын Донбасс аймагын аннексиялоо, киберчабуул уюштуруу же Украинаны толугу менен басып алуу мазмуну болушу мүмкүндүгүн айтты.

Ошондой эле Салливан Fox News телеканалындагы дагы бир интервьюсунда Орусия чабуулдун ордуна дипломатиялык жолду тандашы мүмкүндүгүн да четке каккан жок.

Орусия кеч күздөн бери Украина менен чек арасына жакын аймактарында 100 минден ашуун аскерин жана аскердик техникаларын топтоду. Соңку жумаларда Украинанын түндүгүнө жакын Беларустун аймактарына да орус аскерлери келип жатат.

Батыш менен Киев Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келет. Москва мындай ниети жок экенин, аскерлер машыгуу максатын гана көздөй турганын билдирген. Ошентсе да Орусия Батышка "Украина НАТОго мүчө болбошу керек" деп талап коюп жатат.

XS
SM
MD
LG