Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:14

Мамлекеттик тилге мамилени өзгөртөлү


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Антпесе дагы отуз жылды “мамлекеттик тилди өнүктүрүү” деген куру сөзгө коротобуз...

Мамлекеттик тилди жылына бир жолу – мыйзам кабыл алынган күнү гана эстейбиз. Албетте, айрым саясатчылардын кез-кези менен саясий кызыкчылыкты көздөгөн популисттик сөздөрүн эске албаганда. Андай сөздөр ыгы келген-келбеген жерде сүйлөнө берет.

Жаңы парламенттин депутаттары да бул темадан четте калышпады. Депутат Адахан Мадумаров документтерди аралаш орусча-кыргызча эмес, бир тилде даярдоону суранса, Надира Нарматова кесиптештерин парламентте “бир да орус жараны жок болгон соң” мамлекеттик тилде гана сүйлөөгө чакырды. Бул жөнүндө кийин сөз кылалы.

Тил тагдырын мыйзам эмес, ага карата адамдардын, биринчи кезекте мамлекет башчыларынын, элита дегендердин мамилеси аныктай турганын эчак эле турмуш көрсөттү. Биз болсо тил мыйзамын кайра-кайра жазуу менен гана алекпиз. Аны жаңылаган сайын катаалдаштырабыз.

Биз эгемендиктин 30 жылында ыраатка салынган, эффективдүү иштей турган тил саясатын иштеп чыга албадык. Өткөн жылдын соңунда сунуш кылынган мыйзам долбоору мындай саясат жакын арада дүйнөгө келбестигин айгинелеп турат. Кыргыз тили менин экинчи эне тилим, ошондуктан болгонун болгондой, ачык-айкын жазууну чечтим. Оболу кеп мыйзам тууралуу болсун.

Мыйзам деле мээрим, камкордукка муктаж

Мүмкүн бирөөлөргө минтип айтканым кызыктай туюлат. Бирок, мыйзам такай өзгөрүлүп турууга муктаж болгон, өзгөчө мамилени, анан да сүйүүнү талап кылган жандуу субстанция. Мыйзамдын да жүрөгү, руху бар. Ал башынан эле болушу керек. Айрыкча бул тил боюнча мыйзамга тийиштүү. Себеп дегенде, тил улуттун бүгүнкүсү менен келечегин аныктайт.

Мыйзам долбооруна киришүүдө (преамбуласында) кыргыз тили жалгыз кыргыздарга гана тиешелүүдөй сүрөттөлгөн. Менин оюмча бул жерде кыргыз тилинин мамлекеттүүлүгүбүздүн негизги белгилеринин бири экени, анын мамлекет менен элдин бүтүндүгүн сактоодогу орду, анан да мына ушул байыркы жана кайталангыс, улуу да, сулуу да тилдин көп улуттуу Кыргызстан элинин жалпы руханий мүлкү, үлкөн байлыгы экени, же болбосо келечекте ошондой макамга ээ болуусу зарылдыгы жөнүндөгү идея баса белгилениши керек.

Киришүүдө мамлекет жарандардын мамлекеттик тилди колдонуу укугун камсыз кылаары белгиленген. Мыйзамдын өзү, анын руху болсо жарандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде сүйлөөгө мажбурлоого каратылган. Бирок, жарандардын укугу дегенде мамлекеттин өзүнүн жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарчу милдеттерин түшүнөт эмеспизби? Мамлекет болсо бүгүнкү күнгө чейин жарандарынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө шарттарды түзө алган жок, талап гана кылууда.

“Башкаларды”, алардын ичинде орус тилдүү кыргыздарды да мамлекеттик тилде сүйлөөгө мажбурлоо – башка бирөөнү өзүңдү сүйүп калууга мажбурлоо деген эле сөз. Күчкө салып, бир нерсени жасоого мажбурлоо нааразылыкты, жек көрүүнү, каршылыкты гана жаратат. Болбоду дегенде коркууну пайда кылат. Түпкүлүгүндө бул эмоциялардын (сезимдердин) баардыгы бузуп талкалоочу мүнөзгө гана ээ. Бизге жетишпей турган жаратмандык күч - сүйүү, ынтымак жана ичара сый-урматтан жаралат.

Ошон үчүн биз мыйзамдын концепциясын, анын руху менен табиятын түп тамырынан өзгөртүшүбүз зарыл. Анын натыйжасында бул мыйзам миңдеген жылдар бою өзүнүн кайталангыс өзгөчөлүгүн, тазалыгын жана уккулуктуулугун сактап келе жаткан, чындыгында бүткүл адамзаттын жалпы руханий мүлкүнүн бир бөлүгү болгон кыргыз тилине, мамлекеттик тилге болгон сүйүүнүн калыптанышына өбөлгө түзгөндөй болсун. Бул мыйзам жарандардын мамлекттик тилди колдонууга жан дүйнөлүк (руханий), экономикалык жана социалдык талап жана муктаждыктарын арттырууга, анан ошол муктаждыктарды канааттандырууга укуктук негиз түзүп берүүчү курал болушу керек.

Талап жана муктаждыкты кантип түзүү керек?

Жарнакташуунун азгырыгы менен бүгүнкү күндө дүйнөдө миллиондогон адамдар кымбат баадагы смартфондорду сатып алышууда. Алар ошол гаджеттердин толгон-токой функцияларын пайдалангандыгы үчүн эмес, көбү аларды билбейт деле, жаңы үлгүдөгү смартфондун ээси болуу “мыкты” экендиги үчүн, “башкаларда жок” болгондугу үчүн жакшы көрүшөт. Ушундай жол менен өндүрүшчү адамдарда талап, муктаждык пайда кылат. Анан ошол муктаждыктарды канааттандыруу менен өзүнүн чөнтөгүнө миллиарддаган долларларды алып келүүдө. Албетте, тил башка нерсе, бирок ортолук принцип бул жерде да иштейт.

Ушу тапта шаарларда гана эмес, тээ алыскы айылдарда да боорун жерден көтөргөн наристелер да орусча сүйлөп баштады. Эмне үчүн? Эмнеге дегенде алардын сүйгөн мультфильмдери менен телефондогу оюндар орус же англис тилинде. Кыргыз тилиндечи?

Китеп дүкөндөрүндө мектепке чейинки, башталгыч класстагы балдарга арналып, мыкты кооздолгон орусча же англис тилиндеги китептер жайнайт. Кыргыз тилиндечи? Кинофильмдер менен жубайларыбыз сүйгөн сериалдарды айтпай эле коёлу.

Совет доорунда дүйнөлүк адабияттын бардык классиктеринин, анын ичинде өзүбүздүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мен эне тилимде – өзбекче окуп чоңойгом. Райондук китепканаларды айтпай эле коёюн, мектептердин китепканаларында да ошол чыгармалар тирелип турчу. Болгондо да Кыргыз ССРинде!

Эгемен Кыргызстанда болсо азырга чейин кыргыз тилиндеги китептер аз. Ошол эле Айтматовдун чыгармалары бизге караганда коңшулаш Өзбекстанда өзбек тилинде көбүрөөк чыгарылат, анын окурмандары да арбын.

Дүйнөлүк деңгээлдеги өтүмдүү кинолор, сериалдар, мультфильмдер, илимий-популярдуу тасмалардын кыргызчасы тууралуу кеп кылбай эле коёлу. Алардын дээрлик баардыгы өзбекчеге которулган, каалаганыңды тапсаң болот. Аларды өлкөнүн ондогон эл сүйгөн телеканалдары күн-түн дебей өзбекче көрсөтүп турат. Кыргыз тилиндечи?

Интернеттен керектүү, сапаттуу, зарыл маалыматты алыш үчүн англис же орус тилин билишиң керек. Ал эми өтүмдүү соцтармактарчы? Дүйнөлүк желеде кыргыз тилиндеги контентке муктаждык өтө күчтүү. Бул талап улам өсүп бара жатат. Бирок, ошол контентин өзү жок. Жокко эсе. Кандай гана тил болбосун, адамдын минималдуу делген керектөөсүн, муктаждыктарын канааттандыра албаса, аны үйрөнүүгө бирөө кызыкпайт, буга убактысын бекер короткусу келбейт.

Кызыктыруу маселесине келели

Бизде мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн маанилүлүгүн көбүнесе мамлекеттик кызматта иштөө мүмкүнчүлүгү менен байланыштырышат. Мамлекеттик тил мыйзамында да ушул идея башынан аягына чейин кызыл сызык менен белгиленген сыяктуу. Айрыкча сунуш кылынып жаткан долбоордо мамлекеттик тилди билбегендерге эшиги жабылып калчу кесиптердин тизмесин дагы узартышкан. Мыйзам долбоорунун авторлоруна, анан да ушул “токмокко” бекем жабышып алгандарга айтарым, мындай жол адамдарды мамлекеттик тилден оолактаткандан башкага жарабайт. Бул ансыз деле өзүбүздө жетишпей жаткан мыкты кадрлардын четке чыгып кетишине жол ачат.

Анан да, биринчиден, 6,5 миллион калктын баары эле аткаминер болуп кетпейт го? Маселен, Кыргызстандагы өзбектер тууралуу айтсам, алардын айрымдары эле болбосо, басымдуу көпчүлүгүнө мамлекеттик кызмат менен депутаттыктын такыр эле кызыгы жок. Аларды ишкерлик, соода менен кызмат көрсөтүү жааты көбүрөөк кызыктырат. Экинчиден, ачык эле моюнга алалы, колдогон “кожоң” болбосо, бирөө сени Ак үйгө кароолчулукка да албайт. Этникалык азчылык өкүлдөрүн айтпай эле коёюн, миңдеген татыктуу кыргыз жаштары деле мамлекеттик кызматка орношо албай жүрүшөт. Ошондуктан тил маселесин бул жерге аралаштырбай эле койгула, айланайындар!

Эмне үчүн жаштарыбыз түзүк эле акча төлөп, убакты-саатына карабай англис, түрк же кытай тилдерин үйрөнүп жатышат? Себеби белгилүү, бул тилдер мыкты билим алууга, анын артынан жакшы жашоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Тилекке каршы, дагы эле Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө. Ушул тапта араб тилин үйрөнүүгө кызыккандар да көбөйүүдө. Себеби, адамдар руханий жагынан өнүгүүнү, ыйык Куранды түп нускасында окуп үйрөнүүнү каалап жатышат.

Эмнеликтен бүгүн мамлекетибизде “балээнин баарына себепкер” орус тилинин баркы кайрадан көтөрүлүп, аны үйрөнүүгө кызыккандар көбөйүүдө? Бир да орус тектүү киши жашабаган алыскы айылдарда да кыргыздар менен өзбектер эмне үчүн орус тилинде окуткан мектептерди ачууну талап кылышууда? Анткени айласы куруган, жумушсуз, өлкөсүнүн эртеңкисине ишенбеген бей-бечаралар үчүн Орусия “баардык проблемаларды тобу менен чечип берүүчү өлкөгө” айланды.

Тилекке каршы, туура эмес тил саясатынын айынан биз өлкөдө таалим тизиминен тартып өнөр менен маданияттын, илим менен техниканын, өнөр жайдын дүркүрөп өнүгүүсүндө эбегейсиз ролду ойногон орус тилин жоготуп алдык. Убагында биз орус тили аркылуу дүйнөдөгү эң билимдүү өлкөлөрдүн бирине айланганбыз. Эми болсо чаласабат, билимсиз өлкө болуп баратабыз. “Өлүк”, иштебеген мыйзамдар менен программаларды бапыратып жаза берип, жаңы муунду үч тилдүү кылабыз деп жүрүп, жыйынтыгында эне тилибизде, мамлекеттик тилде сабаттуу жаза алган, чачыратып сүйлөй алчу муунду да тарбиялай алган жокпуз. Болгонун да жоготуп баратабыз.

Эми мамлекет кепилдикке албайбы?

Ушул тапта иштеп жаткан мыйзам “Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берет” (1-берене). Жаңы мыйзам редакциясында бул кепилдик алынып салынган. 1993-жылкы Конституцияга ылайык мамлекет бул маселеде сактоо укугун гана кепилдебестен, “республика калкы колдонгон орус жана башка тилдердин тең укуктуу, эркин өнүгүшү жана колдонулушун сактоо” милдетин алган болчу.

2010-жылкы Конституцияга ылайык мамлекет “сактоо укугун” гана кепилдикке алат. Башкача айтканда, кепилдикти жок кылууга негиз 11 жыл илгери түзүлгөн. Эми болсо мамлекеттик тил мыйзамын Конституцияга шайкеш келтирүү аракети гана болууда.

Анткен менен иштеп жаткан Конституциянын 1-беренесинин 5-пунктуна ылайык, “Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт”. Анда эмне үчүн мамлекет өз жарандарынын бир бөлүгү алдындагы жоопкерчилигин өзүнөн алып таштоодо? Мамлекеттик салык жана башка төлөмдөрдү баарыбыз бирдей төлөп жатпайбызбы?

Мыйзам долбоорунун авторлору сыяктуу эле Кыргызстанда жашаган этникалык топтордун баары өз эне тилин сүйүшөт, алардын бири да өз тилинин жок болушун каалабайт. Алар да өз балдарынын маңкурт болушун каалашпайт. Мейли, башка этностор өз эне тилин, ага кошуп маданиятын унутуп коюшту да дейли. Бирок, эне тилине кайдыгер адам өз мекенин сүйүп, мамлекеттик тилдин кадырын барктай алабы?

Мыйзам долбоорунда жарандардын “мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн эркиндиги менен укугун чектөөгө жол берилбестиги” тууралуу норма алынып салынган (иштеп жаткан мыйзамдын 1-беренесинин 5-абзацы). Эми муну кандай түшүнүүгө болот?

Мыйзам долбоорунун авторлору атайылап өлкөдөгү этникалык мамилелерге залакасын тийгизип, саясий туруктуулукту “жок кылууну” көздөгөндөй таасир калтырат. Мейли, биз бул жагдайды өтөле апыртып койдук дейли, бирок эл аралык мамилелерде кантебиз? Орусия элчилиги көп өтпөй эле мыйзам долбоору тууралуу камтамачылыгын билдирди. Коңшу өлкөлөр деле ачык билдирүүлөр жасашпаганы менен, мыйзам долбоорундагы бул меселени баам сыртында калтырышты деп айталбайм.

Ушул тапта саясий туруктуулукка жетишүү, өлкөнү кыйладан бери тушап турган терең социалдык-экономикалык кризистен алып чыгуу аракети өзгөчө мааниге ээ болуп турганда кимдир бирөөлөр араң турган тынчтыкты бузууга кызыктарбы? Ансыз деле тышкы карызга, экономикалык баткакка белчесинен батып, токтолбогон төңкөрүштөрдөн кийин мамлекетибиз эми гана канатын түздөй баштаганда тилдин айланасындагы аягы көрүнбөгөн, маанисиз талаш-тартыштарды жаңылоону кимдер эңсеп жатат?

Шексиз, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси өлкөнүн эң маанилүү милдеттеринин катарында турушу керек. А бирок аны чечүү жагдайды терең талдоонун натыйжасында, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен ишке ашырылышы кажет. Бул иш улуттук азчылыктардын мүмкүнчүлүктөрү менен укуктарын чектөөгө жана басмырлоого алып келбеши керек.

Мыйзам долбоорунда (иштеп жаткан мыйзам боюнча да) "кыргыз адабий тилинин алфавити менен орфоэпиясынын, орфографиясынын эрежелери" өлкөнүн парламенти тарабынан бекитилери көрсөтүлгөн. Мунусу туура эле, а бирок көптөгөн депутаттардын илимий, маданий деңгээли менен жүрүм-турумун, айрыкча алардын мамлекеттик тилге болгон мамилесин көргөндө, мен аларга мындай маанилүү ишти ишенип тапшырбаган болор элем.

Көзөмөл соккусу

Кыргызстандагы “башка тилдеги” жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы өтө начар. Заманы өтүп бара жаткан гезиттердин көбү өзүнөн-өзү жоюлуп кетсе, андай тагдырга туш келбеген радио менен телеканалдарды биротоло жок кылуу милдетин мыйзам долбоорунун авторлору өзүнө алышкан окшойт. Анткени, мыйзам долбоору боюнча телерадиокомпаниялар эфирдик убактысынын 65 (же 70, документте так көрсөтүлгөн эмес) пайызын мамлекеттик тилдеги материалдар менен жабууга милдеттүү. Мынчалык көлөмдөгү материалдарды эфирге чыгарган маалымат каражатын кантип орус же өзбек тилдүү деп атоого болот? Бул биринчиси.

Экинчиден, ушул тапта иштеп жаткан мыйзамга ылайык маалымат каражаттарынын берүүлөрүнүн теңинен көбү мамлекеттик тилде болушу керек. Бул талапты мамлекеттик телеканалдар деле араңдан аткарууда. Себеп дегенде, мунун баары кошумча чыгымдар, штат, чыгармачылык изденүүлөр жана башка толгон-токой иштерди ичине камтыйт. Экономикалык абалы чакталуу, жарнамалык базасы соолуп бараткан өлкөдө телерадиоканалдар каражатты кайдан табышат? Бир нече каналдардын жетекчилери мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, жабылууга мажбур болушарын ырасташты.

Эми негизги суроо – араңдан зорго иштеп келе жаткан телеканалдарды жок кылуу мамлекеттик тилдин макамы менен кадыр-баркын көтөрүүгө жардам береби? Андай болбойт да. Биринчиси, өлкөнүн чоң бөлүгү өз тилинде же ыңгайлуу башка тилде маалымат алыш үчүн коңшу өлкөлөрдүн маалымат айдыңына кирип кетүүгө мажбур болушат. Андан да жаманы – маалымат издеген жаштар интернет мейкиндигиндеги ар кандай багыттагы дайыны жок опурталдуу ресурстардын желесине илинип калышы ыктымал. Телеканалдардын иши ачык айкын, бирок интернетти ким тыкыр көзөмөлдөй алат?

Албетте, өз ишин жакшы көргөн жана мыкты билген теле жана радио журналисттердин көбү интернеттен иш таап кетишет. Анткени интернет аларга да кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет, телеканал сыяктуу көп акча коротпой, акча табууга жол ачат.

Жашырганда эмне, орус тилдүү калк менен өлкөнүн түндүк тарабындагы орусча сүйлөгөн кыргыздардын көбү негизинен орусиялык же казакстандык каналдарды көрүшөт. Республиканын түштүгүндө Өзбекстандын каналдары өтүмдүү. Өзбек каналдарын өзбектер гана же өзбек тилинде сүйлөгөн башка улут өкүлдөрү эле эмес, кыргыздардын деле кыйласы карап отурушат. Дагы жакшы, ал телеканалдарда Кыргызстанга залакасы тие турган, аны жаман көрсөткөн материалдар жок. Аларда эл эмнени көрөт?

Биринчиден, андай каналдар аябай эле көп. Алардын баары кызыктуу шоу-программалардан сырткары эң жакшы фильмдер менен сериалдарды сунуш кылышат, мультфильмдерди, спорттук жана илимий-популярдуу көрсөтүүлөрдү такай чыгарышат. Чоңдор үчүн да, балдар жана өспүрүмдөр үчүн да. Албетте, бул көрсөтүүлөрдүн баары кыргыз тилинде эмес. Тилекке каршы, андай берүүлөр кыргыз телеканалдарында аз же дээрлик жок.

Бул проблеманы мындан 20 жыл илгери “Слово Кыргызстана” гезитинде “Телеэкспансия?” деген макаламда көтөргөм. Андан бери жагдай өзгөргөн жок. Тескерисинче, начарлап кетти десек болот. Биздин телеканалдар орус, казак, өзбек телеканалдары менен атаандаштыкта такай жеңилип келе жатышканын айта кетүү абзел. Ошондуктан, биз ансыз да оор абалда калган жергиликтүү телеканалдарды жок кылбастан, алардын сапатын жогорулатуу маселесин чечсек жакшы болмок.

Логика боюнча мамлекет ар түрдүү тилдерде чыкчу телеканалдардын ишине тоскоолдук кылбай, аларды колдоп, шарт түзүп бериши керек. Анткени, өлкөдө болуп жаткан окуяларды мына ошол каналдар көрүүчүлөрүнө жеткирип турат. Башкача айтканда, алар мамлекеттик саясат менен идеологиянын жергиликтүү жарчылары. Алар бюджеттен бир тыйын албай, мамлекеттин коопсуз маалымат мейкинин калыптандырып, бекемдеп, өлкөнүн идеологиялык биримдиги менен бүтүндүгүн камсыз кылышууда. Жаштарда жарандык иденттүүлүктү, элдин биримдигин, тилектештигин, достук менен патриотизм сезимдерин калыптандыруу жана бекемдөөдө алардын орду талашсыз. Жалпылап айтканда мунун баары улуттук коопсуздуктун маанилүү бөлүктөрүнүн бири экенин ким билбейт?

Биз өлкө ичинде башка этностордун тилиндеги берүүлөрдү чектеп жатканыбызда АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия сындуу улуу державалар бул жердеги маалымат мейкининен орун ээлеп, жергиликтүү тилдерде маалымат каражаттарын жайылтышууда. Бизде маалымат алуунун альтернативдүү булактары болгону сонун. Бирок бул деген ушул державалар биздин тилдерибиздин сакталышы же өнүгүшү жөнүндө кам көрүшүүдө дегенге жатабы? Жок. Бул геосаясат деп аталат.

Мыйзам долбоорунун Баш мыйзам жана башка нормативдик актыларга кайчы келген жерлери тууралуу узак сөз кылса болот. Бирок бул экинчи маселе. Биз сунушталып жаткан долбоор, жана андагы чектөөлөрдөн алардын Кыргызстан деген жалпы Мекенибиздин күч-кубаты менен потенциалын көтөрүү, улуттук коопсуздукту бекемдөө, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, жаңы муунду мекенчилдикке тарбиялоо, көп улуттуу элибизди жалпы баалуулуктар менен орток максаттарга багыттоо сыяктуу маселелерге карама каршы келгени учун четке кагышыбыз керек.

Менин экинчи эне тилим

Орус тилдүү басылмалар менен жамааттарда көбүрөөк иштесем да, мен экинчи эне тилим деп кыргыз тилин эсептейм. Күндөлүк жашоо-тиричилигимде көбүрөөк кыргызча сүйлөшөм. Кыргыз тили мага көптөгөн досторду табууга, канчалаган кайталангыс адамдар менен эркин баарлашууга, алардын бийик адамгерчилигин, инсандык сапаттарын билип, ишенимдүү мамилелерди тузүүгө кенен мүмкүнчүлүктөрдү берди.

Кыргыз тили аябагандай кооз тил, анда ар бир сөз обон созуп тургандай. Бул тил өзүнүн жөнөкөйлүгү, тактыгы, шаңдуулугу менен дилимден терең орун алган. Кыргызчаны мыкты билгениме кубанам жана сыймыктанам. Ошондуктан кыргыз эле тааныштарым өз эне тилин жарды, одоно, турмуш-тиричиликке ыңгайлашпаган тил десе же башка ушул сыяктуу сөздөрдү айтканда аларды түшүнбөй калам, кечирбейм.

Кыргыз тили кедей дегендер кайсы бир объективдүү же субъективдүү себептерден улам эне тилинин кереметин, мүмкүнчүлүктөрүн билбей калгандар. Алар бул ажайып тилдин ачылбай жаткан сырларынан алыс калып, аны сүйүп калуу кубанычы насип этпей турган адамдар деп эсептейм. Белгилүү жомоктогу түрү суук өрдөккө болгон мамиле сыяктуу.

Кыргыз тилин сүйүү, урматтоо деңгээлине жеткирчү жолум анчалык узак болбогону менен кыйла эле оор болгон десем жарашат. Төрөлүп өскөн жерим район борбору, жалаң өзбектер жашаган айыл болчу. Ал жердеги башка улуттардын баары өзбекче сүйлөшчү. Райборбордо эки таптаза өзбекче мектеп болсо, бир мектепте орус жана өзбек тилдеринде окутат. Кыргызча окуган бир гана мектеп болгон. Кыргыз балдар алысыраак айылдардан автобуста келишчү, эми жакынкы айылдагы балдар-кыздар болсо мээ сызгырган ысыкка, сөөк какшаткан суукка карабай, жөө жалаңдап келип, окуп кетишчү.

Мен өзбек тилиндеги мектептен окудум. Ал эми Ташкендеги университетти орусча аяктадым. 27 жашка чыгып, Эл депутаттарынын райондук кеңешинде иштей баштаганга чейин кыргызча дээрлик сүйлөшкөн эмесмин. Орусчаны болсо аскерде жүрүп үйрөндүм.

Мени ишке алып жатканда райкеңештин жооптуу катчысы "мамлекеттик тилди билбеген киши бул жерде иштебейт" деп катуураак айткан. Бул дилимде эми пайда боло баштаган “чоң аткаминер” болуу тилегимди кыйшайтты. Биз дили назик өзбектер орой сүйлөп, оңурагандарды анча жактыра бербейт эмеспизби. Анүстүнө ошол кезде мен райондогу эң мыкты делген мектепте директордун тарбиялык иштер боюнча орунбасары элем. Ишимди да, балдарды да аябай жакшы көрчүмүн.

Менин мамлекеттик кызматка кызыкпаганымдын дагы бир себеби, туугандарымдын арасынан бирөө да буга чейин аткаминер болбоптур. Жалгыз өзүм кызматтан көтөрүлүп кайда бармакмын? А бирок райкеңештин төрагасы мени бул кызматка аймактагы калктын улуттук курамын эске алуу менен алып жатканын айтып, аны да, мени бул кызматка сунуштагандарды да уят кылбай иштөөмө ишенерин билдиргенде, анын сунушун четке кагышым туура эмес болоорун түшүндүм.

Ошентип райкеңештин референти болуп калдым. Кыргызчаны жарым жылда үйрөнүп, райкеңештин сессияларынын стенограммасын эркин жаза алган деңгээлге жеттим. Ага чейин тигил же бул кыргызча сөздүн маанисин сурап кесиптештеримдин тынчын алдым. Ошондо алардын көбү кээ бир кыргызча сөздөрдүн маанисин билишпей турганын билдим. Анткени айрымдары мени көргөндө кача башташты. Үч жылдан кийин депутаттар мени бир добуштан райкеңештин жооптуу катчысы кылып шайлады. Бул орун мааниси жагынан райондогу бешинчи кызмат эле. Бир жарым жылдан кийин атайын парламенттик комиссия менин иш кагаздарымды республика боюнча кыргыз тилинде аткарылган эң мыктысы деп тапты.

Ошентип мен кыргыз тилин кызматтан көтөрүлөйүн деген максатта же бирөөдөн корккондон улам үйрөнгөн жокмун. Буга мага ИШЕНИМ артып, ишти жөндөп кетет деп үмүттөнгөн, ишинде райондун жалпы калкынын кызыкчылыгын эске алууга аракет жасаган адамды уят кылгым келбегени себеп болду. Кийинчерээк мен бул тилди сүйүп калдым.

Кыргыз тили да мени сүйүп калды окшойт, жолумду ачып, аркыл тармактарда жакшы иштөөгө, мыкты натыйжаларга жетишүүмө жардам берди. Бирок, тил билүүмдүн негизги жыйынтыгы катары кесиптештерим менен досторумун мага, менин аларга болгон сый-урматыбызды, мээримди айтар элем. Кыргызда “Тил билсең – дил билесиң” деп коёт эмеспи? Эң туура сөз!

(Уландысы бар)

Абдумомун Мамараимов, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG