Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы оппозициялык лидер Орусияда кармалып, Тажикстанга алып келинди. Ал былтыр күздө Хорог шаарында бийликке каршы нааразылыкты уюштурган деп шектелүүдө.
Анда беш миңдей киши бир нече күн акция өткөрүп, күч кызматтары чогулгандарды ок атып тараткан. Учурда аталган аймакта интернет өчүрүлгөнү кабарланды.
Лидердин кармалышы
Тоолуу Бадахшандагы лидерлердин бири Амироддин Аловатшоев Орусиядан кармалып, Тажикстанга экстрадицияланганын тажик бийлиги төгүндөп жатып, кийин гана моюнуна алды.
Башкы прокурор Юсуф Рахмон 2-февралда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйында билдиргендей, Аловатшоев Тажикстандын өтүнүчү менен мекенине кайтарылган.
Оппозиция лидери кылмыш ишинин алкагында экстрадицияланганын кошумчалап, анын чоо-жайын айткан жок.
Аловатшоевдин Тоолуу Бадахшанда жашаган үй-бүлөсү 11-январдан бери андан кабар жоктугун айтып келишкен. Жергиликтүү маалымат каражаттары анын Орусияда “уурдалганын”, 13-январда экстрадицияланганын жаза баштаган. Тажик бийлиги муну четке каккан.
Ички иштер министрлиги Аловатшоев издөө салынган адамдардын тизмесинде экенин “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген. Ошол кезде былтыр ноябрда Тоолуу Бадахшан облусундагы демонстрацияларды тергөө башталган эле.
Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да аймактан чыккан мигранттар чогулуп, тилектештигин билдиришкен. Алардын арасында Аловатшоев да жүргөнү маалымдалган.
Хорогдо 10-январда өткөн жыйында расмий адамдардын бири Аловатшоев сыртта туруп алып, Тоолуу Бадахшандагы жаштарды өкмөткө каршы митингдерге "тукуруп жатат" деп айыптаган.
2015-жылдан бери Орусияда тажикстандык активисттер, оппозициянын колдоочуларынын арасынан кеминде 15 киши дайынсыз жоголгон. Айрымдары мекенинде түрдүү айыптар менен камалган болуп чыкса, кээ бирлери ошол бойдон дайынсыз болуп калат.
Эки айдан бери интернет жок
Бул арада эл аралык “Жарандык тилектештик платформасы” Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда интернет өчүрүлгөнүн кабарлап, бул жарандардын маалымат алуу укуктарын бузарын эскертти.
Тажик бийлигин интернетти кошууга чакырган платформанын кайрылуусуна Украинанын, Болгариянын, Грузиянын, Орусиянын, Германиянын, Армениянын, Польшанын, Азербайжандын, Беларустун, Нидерланддын, Литванын, Кыргызстандын, Казакстандын, Бельгиянын, Түндүк Македониянын, Норвегиянын, Швециянын, Молдованын, ошондой эле Тажикстандын 40тай өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү кол коюшкан.
Маалыматка ылайык, интернет нааразылык акциялары башталган былтыркы жылдын 25-ноябрында өчүрүлгөн. Бийлик бүткүл дүйнөлүк желенин чектөөгө алынышын ушул кезге чейин түшүндүргөн эмес, качан кошулары да белгисиз.
"Бүгүнкү күндө айрым мамлекеттик мекемелерди, укук коргоо органдарын жана банктарды эске албаганда, жалпы калк үчүн интернет жеткиликтүү эмес. Анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, Ага Хан фонду, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Борбор Азия университети жана башка уюмдар да интернетсиз олтурушат",-деп айтылат “Жарандык тилектештик платформасынын” мүчөлөрүнүн 28-январдагы кайрылуусунда.
Жергиликтүү тургундар да эки айдан бери интернетсиз олтурушканын журналисттерге бир нече жолу даттанышкан. “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөнүн тиешелүү мекемелерине кайрылып, бул боюнча түшүндүрмө ала алган эмес.
Тоолуу Бадахшандагы кырдаалды биргелешип жөнгө салуу үчүн түзүлгөн “Комиссия 44” уюмунун өкүлү Худжамри Пирназаров бийлик Хорогдогу нааразылыктар аяктаса эле интернетти жандырууга убада бергенин эскертүүдө.
“Жарандар дагы деле маалыматтык вакуумда жашап жатышат, алар айланада эмне болуп жатканынан кабары жок. Коомдук уюмдардын кеңселеринде, айрым банктарда да интернет жок. Өзгөчө чет элдик университеттерде дистанциялык ыкмада окуп жаткан студенттерге кыйын болду. Алар Дүйшөмбү шаарына барып, окуусун улантышууда. Интернеттин жоктугу жашоочуларды чындап кабатыр кылууда. Анткени көпчүлүк бул чектөө аймакта кандайдыр бир аскердик операция жасоого камданууга окшойт деп ойлоп жатышат”,-деген ал “Азаттыктын” тажик кызматына.
Ошол эле маалда чөлкөмдө интернеттин чектелишин нааразылыктарды мындан ары болтурбоо аракети катары баалагандар да бар. Себеби, тажик-ооган жана тажик-кыргыз чек арасындагы чыңалуу менен алышып жаткан президент Эмомали Рахмондун бийлиги үчүн Тоолуу Бадахшандын кайра козголгону кошумча “баш оору” жаратат.
Окуянын төркүнү
Кийин чыккан маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-ноябрында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Шохдар айылында оор кылмыштар үчүн айыпталган Гүлбиддин Зиёбеков аттуу жаранды кармоо операциясы учурунда ал каза болуп калган. Буга байланыштуу анын жакындары жана аймактын тургундары облус борбору Хорог шаарындагы акимчиликтин алдында чогулган.
Бийликтин аларды таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.
Прокуратура Зиёбеков “Уюшкан топ тарабынан барымтага алуу”, “Улуттук, расалык, диний кастыкты козутуу” деген беренелер менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын кабарлаган. Укук коргоо органы ал 2020-жылы прокурордун жардамчысын кыйноого алып, сабаган деп кине таккан. Бирок нааразылыкка чыккандар муну төгүнгө чыгарып, кырдаал курчуган.
Нааразылыкка чыккандардын саны беш миңге чейин жетип, алар жергиликтүү акимчиликтин имараттарына таш ыргытып, чабуул жасаганга аракет кылышкан. Төрт күнгө созулган акцияны полиция ок атып араң тараткан. Күч кызматтары ок эскертүү иретинде асманга атылганын билдирген, бирок окуядан ондогон киши жаракат алган. Ал тургай айрым басылмалар ошол күнү жараат алган үч киши мерт болгонун жазышкан.