Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:16

Керим Турапов кызматтан бошотулду


Керим Турапов.
Керим Турапов.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Тураповдун арыз жазган себеби айтылган жок.

Керим Турапов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал 2019-жылы театрга жетекчи болуп келген.

Былтыр жайында театрдын кеминде жети артисти жумуштан кеткен. Арасында жогорку даражадагы балет артисти Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатканын айтышкан.

Театрдын директору Керим Турапов өнөрпоздордун иштеши же жумуштан кетиши өз эрки экенин билдирген.

Кыргызстандык артисттер буга чейин былтыр март айында билети кымбат коммерциялык спектаклдерде роль жаратканы менен эч кандай акы албай турганын айтып, нааразылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

2021-жылы 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында чыр чыгып, ага гонорар маселеси себеп болгону айтылган. Билеттердин баары сатылып, спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG