Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Чек арадагы абал облус башчысынын көзөмөлүндө экени айтылды


Төрт-Көчө. Архив сүрөт.
Төрт-Көчө. Архив сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү чек арадагы абалды курчутпоо үчүн ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Алимбаевдин биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Учурда чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү. Чыр чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга чыгарылууда. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19.30да кайра ачылган.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын" кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги чек арадагы абал курчугандыктан Баткен облусундагы ооруканалар даярдыктарын күчөткөнүн билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген. Мындан башка расмий маалымат бериле элек.

XS
SM
MD
LG