Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

"Адилет" клиникасы Болот Темировдун иши боюнча башкы прокурорго кайрылды


Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоду. Анда соңку кезде юристтер коомчулугу укук коргоо органдарынын ишинин сапаты түшүп баратканы, кылмыш-сот өндүрүшүндө көрсөтүлгөн стандарттарды, принциптерди көзгө илбеген көрүнүштөр байкалып жатканы айтылат.

Мындай көрүнүш карапайым жарандарга эле эмес, коомчулукка белгилүү болгон инсандардын резонанс жараткан иштеринде дагы байкалып жатканы белгиленген. Жакупова баш прокурорго жазган кайрылуусунда клиниканын адвокаттары 26-январдан тартып Темировдун укугу менен кызыкчылыгын коргоого киришкенин айткан.

"Буга чейин укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иштерине прокуратура аракет кылып, күнөөлүүлөрдү жазалап келсе, учурда мыйзам бузууларга көңүл бурбай койбостон, аны жаап-жашырууга аракет кылгандай сезилип жатат", - деп жазылган.

Мындан тышкары Жакупова ички иштер министри Улан Ниязбеков "күнөөсүздүк презумпциясы" принцибин бузуп, кармалгандарды ачык күнөөлөп, коомчулукту адаштырып жатканына токтолгон.

Журналист Болот Темиров менен ал негиздеген Temirov LIVE каналында иштегендердин жеке жашоосун видеого тартып, тараткандарды аныктоону жеке көзөмөлгө алууга министрди чакырган.

"Болот Темировдун кармалышы жана анын жеке жашоосуна тийиштүү иликтөө, ыкчам маалыматтар коштолгон материалдардын коомчулукка чыгып кетиши бийлик бутактарында (Жогорку Кеңеш) гана терс резонанс жаратпастан, эл аралык уюмдардын дагы көңүлүн буруп жатат. Башкы прокуратура Кыргызстан элине жана эл аралык коомчулукка адамдардын укугу жана эркиндиги мыйзамдын негизинде эле эмес, прокуратура органдарынын күчү, эрки менен дагы корголо турганын көрсөтөт деп ишенем", - деген Жакупова.

22-январдын кечинде Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны "адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү", "ыплас ыкма", "журналисттерди коркутуу" деген сындар айтылган. Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар.

УКМК бул видеолорго тиешеси жок экенин 26-январда билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG