Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

УКМК "Кыргыз жылуулук энерго" ишканасында коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын Чүй облустук филиалында коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, ишканадагы от казандардын бирин реконструкциялоо иштери ашыкча бааланып, мазутту керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 32,9 млн. сом зыян келген.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө иштери уланып жатканы маалыматта айтылат.

Эл аралык Transparency International уюму 25-январда 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялады. Анда мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшкөн.

Буга өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн аягына чыкпай калышы жана башка нерселер себеп болгону баяндамада көрсөтүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG