Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Байден Путинге санкция салынышы ыктымал экенин эскертти


АКШ президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.
АКШ президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

Британия жана АКШ эгерде Орусия Украинага кол сала турган болсо, президент Владимир Путинге каршы жеке санкцияларды караштыра турганын жарыялады. Бир нече күн мурда Вашингтон Киевге аскердик жардам жөнөткөн. Ал эми Москва Беларуска зениттик-ракеталык комплекстерин жөнөтүп, аскердик машыгууга кам көрүүдө.

Путинге санкция салынышы мүмкүн

Президент Жо Байден эгер Орусия Украинага чек аранын жанында топтолгон 100 миң же андан ашуун аскери менен кол салса, бул «Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле эң ири кол салуу болорун» жана «дүйнөнү өзгөртөрүн» 25-январда билдирди.

"Эгер президент Путин Украинага кол салса, кесепети оор болорун, анын ичинде экономикалык санкцияларга кабыларын ага даана түшүндүргөм",-деди Байден. Ал журналисттин "Путиндин жеке өзүнө санкция салынышы мүмкүнбү?" деген суроосуна «Ооба» деп жооп берди. АКШ президенти билдиргендей, Украинага аскер жиберүү ниети жок.

Аны улай 26-январда Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс орусиялык көбүрөөк компанияларга жана жеке адамдарга күч келтире тургандай кылып санкцияларды катаалдатуу караштырылып жатканын билдирди. Ал ошондой эле Британия Украинага коргонуу жабдыктарын жеткирерин кошумчалады.

Пентагон буга чейин 8500 америкалык аскер жогорку даярдыкта турганын билдирген. Эгер НАТО өзүнүн Ыкчам аракет көрүү күчтөрүн активдештирсе, америкалык аскерлер альянска мүчө мамлекеттерге жайгаштырылат.

Эстония, Литва, Латвия жана Польшада НАТОнун 4000дей аскери бар. 25-январда АКШ Киевге кошумча аскердик жабдыктарды, анын ичинде Javelin ракеталарын жеткирди.

Орусия аскердик машыгууларды баштап жатат

Батыш жана Киев былтыр күздөн бери Орусия Украинага жакын аймакка 100 миңдей аскерин топтогону үчүн кооптонуп келет.

Орусия АКШ менен НАТОну «чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптоодо.

Москва Киевге кол салуу ниети жок экенин айтканы менен 25-январда Украинага жакын аймакта аскердик машыгууларды баштады.

Ошондой эле Беларуска С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди жибергени маалым болду. Ал жакта «Өнөктөштүк чечкиндүүлүгү» деген аскердик машыгуулар башталганы турат.

Буга чейин Кремль НАТО "чыгышка карай кеңейбеши керек" деген талабын койгон. Өткөн аптада Вашингтон Москванын бул талабына кат жүзүндө жооп берерин билдирген.

Ал эми 26-январда Мамлекеттик думада сүйлөп жатып Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эгер Батыш Москванын талаптарына жооп бербесе, Орусия «тиешелүү чараларды» көрөрүн айтты.

«Эгер биз конструктивдүү жооп албасак, ал эми Батыш агрессиялык аракеттерин уланта берсе, биздин президент мурдарак айткандай Москва тиешелүү жооп чараларын кабыл алат»,-деди Лавров.

Ал арада НАТО менен Вашингтон Европадагы коопсуздук боюнча Орусиянын тынчсыздануусун жайгаруу максатында атайын документ даярдап жатканын аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Путин менен 28-январда телефон аркылуу сүйлөшөрү күтүлүп жатат.

Орусия Беларустагы аскердик машыгууга жиберген техника.
Орусия Беларустагы аскердик машыгууга жиберген техника.

Көгүлтүр от маселеси

Учурда Батыш мамлекеттери эгер Орусия көгүлтүр газды берүүнү токтотуп салса, көйгөйдөн чыгуунун жолдорун караштырып жатышат.

АКШнын администрациясы Европадагы энергетикалык кризистин алдын алуу үчүн дүйнөдөгү баардык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"Тилекке каршы Европа Орусиядан энергетикалык жактан көз каранды болгондуктан Москванын опузасына кабылганына күбө болуп жатабыз. Эгер кырдаал ошого жеткирсе, Орусия энергетикалык кубатын колдонуу менен чечкиндүү кадамдарга барышы мүмкүн. Эгер абал ушундай жол менен кетсе, эң катуу соккуга кабылв турган Европа мамлекеттерине жардам берүү үчүн тилектештик фондун түзүү тууралуу сөздөр болуп жатат",- дейт АКШдагы Маршал германиялык фондунун президенти Хизер Конли.

Вашингтон суюлтулган газдын эң ири өндүрүүчүсү катары Катар Европага жардам бере аларына үмүттөнөт. Кризис курчуп кете турган болсо, Батыш көгүлтүр газды Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана АКШдан ала алат.

Учурда Европадагы мунайдын жана газдын үчтөн бир бөлүгү Орусиядан ташылат. Батыштагы айрым саясатчылар Орусияга катаал санкциялар киргизилсе, алардын "экономикасы да жабыркайт" деп кооптонуп турушат.

XS
SM
MD
LG