Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Коронавирустун жеңил түрү эс-тутумду жабыркатат


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

200 миң жыл мурдагы мезгилге таандык баш сөөктүн өзгөчөлүгү аныкталды. Швейцарияда байыркы амфитеатрдын калдыктары табылды. Коронавирустун жеңил түрү эс тутумду начарлата турганы белгилүү болду.

200 миң жыл мурунку баш сөөк калыбына келтирилди

1974-1979-жылдар аралыгында Кытайдын Сюйцзяяо аймагында археологиялык казуу иштери жүргүзүлүп, кеминде он байыркы адамдын баш сөөгүнүн ар кандай майда бөлүкчөлөрү табылган. Калдыктарды изилдеген палеонтологдор табылган сөөктөр неандерталдардын, Homo sapiens жана Homo erectus адамдарынын келбетине окшош экенин айтышкан.

Бирок Кытайдын, Американын жана Франциянын окумуштууларынын биргеликте жасаган изилдөөсү буга чейин айтылып келген тыянакты жокко чыгарды. Окумуштуулар сөөк бөлүкчөлөрүн компьютердик томографиядан өткөрүп, анын үч өлчөмдүү моделин жасап чыгышкан. Натыйжада, изилдөөчүлөр бул майда бөлүкчөлөрдүн баары бир кишиге таандык экенин билдиришти. Ошондой эле, баш сөөк мындан 200 миң жыл мурдагы мезгилге таандык экени айтылды.

Бул окумуштуулар жасаган жалгыз кызыктуу тыянак эмес. Белгилүү болгондой, калыбына келтирилген баш сөөк 1700 сантиметр куб өлчөмүндө. Баш сөөктүн мындай көлөмү неандерталдар жана заманбап анатомиялык үлгүдөгү адамдар үчүн өзгөчө чоң деп эсептелет. Мындан улам, окумуштуулар калыбына келтирилген баш сөөк аркылуу ири көлөмдөгү мээнин байыркы үлгүсүнө ээ болушканын билдиришти.

Булак: Journal of Human Evolution

Байыркы амфитеатр табылды

IV кылымга таандык делген байыркы амфитеатрдын калдыктары Швейцарияда табылды. Тегерек формадагы курулуш биздин заманга чейинки 44-43-жылдарда негизделген байыркы Аугуста-Раурика шаарынын аймагында курулган.

Байыркы амфитеатрдын узуну 50, туурасы 40 метр болгон. Анын түштүк тарабында чоң дарбаза туруп, амфитеатрга кирүү үчүн эки жолу болгон. Дагы бир кошумча кирүү жолу амфитеатрдын батыш ыптасын караган. Анын босогосу ушул күнгө дейре сакталып калган. Ал эми амфитеатрдын дубалдары тегизделип, акталган, көрүүчүлөр үчүн ылайыкталган отургучтар жыгачтан жасалган.

Археологдордун ою боюнча, б.з. IV кылымында бул жерде гладиаторлордун кармашы көрсөтүлгөн. Бул Швейцариянын аймагында табылган сегизинчи амфитеатр болуп калды. Анын үчөөсү дал ушул байыркы Аугуста-Раурика шаарынын аймагынан табылган.

Булак: Heritage Daily

Жеңил коронавирус эс-тутумду жабыркатат

Коронавирустун жеңил түрү менен ооруган бейтаптардын эс-тутуму жана көңүл коюусу жарым жылдан кийин да жакшырбай жатканын Оксфорд университетинин окумуштуулары билдирди. Адистер коронавирусту жеңил өткөргөн 155 адамга тажрыйба жасашкан. Алардын 64ү коронавирустун жеңил түрүнө кеминде жарым жыл мурун чалдыккандар жана калган 91и такыр оорубагандар.

Катышуучулар изилдөөнүн максатын билишкен эмес. Алар уюшуруучулар сунуштаган көңүл коюуну, реакциянын тездигин, мейкиндиктеги ой жүгүртүүнү, кыска жана узак мөөнөттүү эс тутумду тешкерген түрдүү тесттерден өтүшкөн.

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Тесттерди аткаруу учурунда ковидди жеңил өткөргөн бейтаптардын жай иштеп жатканы байкалып турган. Ал эми изилдөөнүн натыйжасы ковидди жеңил өткөргөндөрдүн узак мөөнөттүү эс-тутуму 9% төмөндөгөнүн көрсөттү.

Изилдөөчүлөр эс-тутумдун жана көңүл коюунун өзгөрүшү ковидден кийинки калыбына келүү менен коштолорун айтышат. Коронавирустан бир гана өпкө эмес, башка органдар, анын ичинде мээ дагы жабыркайт. Вирустун мээге тийгизген таасири азыр окумуштуулар үчүн белгисиз.

Булак: Brain Communications

XS
SM
MD
LG