Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Кыргызстанда жарык жапырт өчтү. Себеби эмнеде?

Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук бир катар аймактарда электр жарыгы өчүп, дээрлик төрт сааттан кийин күйдү. Энергетика министрлиги муну Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги аварияга байланыштырды.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Анда Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калып, Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

16:58 25.1.2022

"Авария эмнеден улам болгону белгисиз"

Борбор Азиядагы энергетикалык шакекчедеги авария эмнеден улам болгону белгисиз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев болгон окуя үчүн кайсы бир тарапты күнөөлөөгө болбой турганын айтты. Ал авария боюнча мамлекеттер аралык комиссия иштей турганын кошумчалады.

17:11 25.1.2022

Энергетика министрлиги жалпы республика боюнча жарык берилгенин билдирди.

17:29 25.1.2022

25-январда түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бир катар аймактарында жарык өчкөн.

Ташкентте метро иштебей, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган. Жалпы Өзбекстан боюнча баардык аэропорттордун иши токтоп калган.

Казакстандын Алматы, Жамбыл жана Түркестан облустарында жарык өчтү.

17:37 25.1.2022

Борбор Азия энергетикалык шакекчесинде авария болуп, жапырт жарык өчкөн учур биринчи жолу катталып жатат. Бул тууралуу 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Ал авариянын себеби азырынча белгисиз экенин, аны адистер текшерип, анализдеп чыккан соң айтыларын кошумчалады.

Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтейт. Үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан - ред.) комиссия түзүлүп, иш жүрөт.

Брифинг учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун айтты.

"Үч-төрт жыл мурдагы кырсыктан кийин биздин энергетиктер даяр экенин көрсөттү. Эки саат ичинде 50 пайызга чейин электр энергиясы менен камсыз болду. Кайсы бир айылдарда жарык жок болсо, сабыр кылып туруңуздар. Энергетиктер кошуп берет. Азыр Энергетика министрлигинин деңгээлинде кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Тактап туруп бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз", - деди Жапаров.

Өкмөт башчы ушу тапта үч өлкө тең бирдиктүү шакекчеден чыгып, ички мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатканын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG