Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Кыргызстанда жарык жапырт өчтү. Себеби эмнеде?

Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук бир катар аймактарда электр жарыгы өчүп, дээрлик төрт сааттан кийин күйдү. Энергетика министрлиги муну Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги аварияга байланыштырды.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Анда Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калып, Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

14:39 25.1.2022

Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесиндеги авариядан улам токтоп калган Кыргызстандын энергосистемасын калыбына келтирүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.

Маалыматка караганда, Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Кыргызстандагы энерго компаниялар Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесин пайдаланбай, электр кубатын берүүнү баскыч-баскычы менен калыбына келтирүүнү баштады.

“Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз”, - деди министрликтин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова.

14:41 25.1.2022

Байсалов авария Кыргызстандын аймагында болбогонун билдирди

Электр энергиясындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон жок. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"Биздин энергетиктер жарыкты бир, бир жарым саатта Бишкекте, андан кийин башка аймактарда калыбына келтирүүнү убадалап жатышат. Кырсык Кыргызстандын аймагында болгон эмес", - деп жазды Байсалов.

14:43 25.1.2022

Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова Бишкек шаарынын жарымына электр энергиясы берилгенин билдирди. Калган бөлүгүнө жарык берүү иштери жүрүүдө.

14:45 25.1.2022

"Кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө"

Энергетиктер Кыргызстандын аймагында электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Кырдаал биздин энергетиктердин көзөмөлүндө. Учурда Борбор Азия мамлекеттеринде электр кубатынын өчүп калышынын себеби изилденүүдө. Азыркы тапта Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясын баскыч-баскычы менен калыбына келтирүү иши жүрүп жатат. Жакынкы мезгилде өлкөнүн энергосистемасы кабылына келет”, - деди Эрбол Султанбаев.

Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова учурда Чүй менен Жалал-Абадга электр энергиясы берилгенин билдирди. Башка аймактарга дагы этап-этабы менен берилип жатканын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG