Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

COVID-19: Бээжиндин бир районунда 2 миллион киши тесттен өттү


Бээжиндеги олимпиада айылы.
Бээжиндеги олимпиада айылы.

Кытайдын баш калаасында 30дан ашуун кишиден коронавирус табылганына байланыштуу Бээжиндин Фэнтай районундагы 2 миллион киши тесттен өткөрүлдү. COVID-19га каршы мындай текшерүү Бээжиндин дагы алты районунда уюштурулду. Associated Press жаңылыктар агенттиги билдиргендей, жекшемби күнү суукка карабай жүздөгөн адамдар тесттен өтүү үчүн кезек күтүп турушту.

Буга чейин Бээжиндин Фэнтай баштаган бир катар райондорунда коронавирус табылган. Бийлик инфекциянын жайылуу мүмкүнчүлүгү жогору райондордун тургундарын шаардан чыкпай турууга чакырды.

COVID-19дун жаңы учурлары Бээжинде Кышкы Олимпиада оюндары башталарына эки аптадан азыраак убакыт калганда катталды. Бул Олимпиада катаал санитардык эрежелер менен өткөнү жатат. Ага ылайык, атлеттер коронавируска каршы эмделиши зарыл жана Кытайга келгенден кийин белгилүү бир мөөнөттө карантинде болушу керек.

Ал арада 24-январда Кытайдын Сиань шаарында бир айдан бери өкүм сүрүп келе жаткан катаал карантин алынды. Андан бир күн мурда бул ири өндүрүштүк шаарда коммерциялык каттамдар кайра жанданган.

XS
SM
MD
LG