Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:50

Митинг өтүп жаткан ИИМдин тегерегинде милиция топтолууда


ИИМдин алды.
ИИМдин алды.

Ички иштер министрлигинин алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынч митинг өтүп жаткан жерге милиция кызматкерлери топтолууда. "Азаттыктын" кабарчылары маалымдагандай, ал жерден күч кызматкерлеринен тышкары милициянын атайын жеңил автомашиналарын да көрүүгө болот.

Журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер демилгелеген митингге ондогон адам катышууда.

Соңку жарыяланган иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган "Temirov Live" YouTube каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров 23-январга караган түнү кармалган.

Күч органдары аны жана төкмө акын Болот Назаровду маңзатка байланыштуу түшкөн арыздын негизинде кармашканын, ал эми кармалгандардын тарапкерлери аларга маңзатты тинтүү учурунда атайылап салып коюшканын айтып жатышат.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Темировду эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде камактан чыгарып жатышканын журналисттерге ИИМ өкүлү билдирди. Назаровдун бөгөт чарасы тууралуу азырынча маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG