Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Чек ара кызматы: тажикстандык айдоочунун сабалганы такталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя тууралуу маалымат берди. Анда 20-январда Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесинин Бакай бөлүгүнөн Тажикстандын номери менен жүк ташыган унаа өткөн.

"Бул машине “Ак-Сай” чек ара бекетинен Тажикистандын Хожа Аъло айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен. Тажикистандын чек ара өкүлү Кыргызстандын чек ара өкүлүнө Кыргызстандын жарандары бул машиненин алдыңкы айнегин талкалаганын билдирген. Ошол эле учурда айдоочуга кол салды деген маалымат тастыкталган жок", деп айтылат маалыматта.

Учурда тараптар соңку окуяны териштирип-тактап жатат.

Буга байланыштуу расмий Дүйшөмбү үн ката элек.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

XS
SM
MD
LG