Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Time журналы абактагы Навальный менен маекти жарыялады


Алексей Навальныйдын Time журналына чыккан маегинин иллюстрациясы.
Алексей Навальныйдын Time журналына чыккан маегинин иллюстрациясы.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын абактан берген маеги Time журналына басылып, анын сүрөтү аталган эл аралык басылманын башкы бетине жарыяланды.

Материал “Путин корккон адам” деп аталат. Навальныйдын маеги интернетке да чыкты.

Оппозиционер журналдын суроолоруна бир нече ай бою жазуу түрүндө жооп берип турган. Анда ал АКШ менен Орусиянын “коопсуздук кепилдиги” тууралуу сүйлөшүүлөрүнө комментарий берип, Владимир Путин Батышты катуу санкциялардан баш тартууга мажбурлоо үчүн опузалап жатканын белгилеген.

Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальный 2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып Германияда дарыланган. 2021-жылдын 17-январында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

2022-жылдын 17-январында Навальный өзү социалдык баракчалары аркылуу кайрылуу таратып, “камактагы мөөнөтү качан аяктарын билбей турганын, аны “экстремист, террорист” кылуу үчүн дагы бир иш моюнуна илинип жатканын” жазды. Бул күнү Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык коомчулук Орусиянын бийлигинен Навальныйды бошотууну талап кылышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG