Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:32

Орусияда кыргызстандыкка ок атылып ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жаранына ок атылып, ооруканага түштү. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуя 16-январда болгонун билдирди.

Ага ылайык, автосервисте иштеген кыргызстандык менен кардардын ортосунда чыр чыгып, кардар ок чыгарган. Кыргызстандын жараны оң жаагынан жаракат алып оорунага жаткырылган.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG