Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Ошто окуган өзбекстандык студенттердин түйшүгү


Ош мамлекеттик университетинин имраттарынын бири. Январь, 2022-жыл.
Ош мамлекеттик университетинин имраттарынын бири. Январь, 2022-жыл.

Ош шаарында коңшу Өзбекстандан келген миңдеген студент окуйт. Алардын дээрлик баары өз өлкөсүндө университетке өтө албай калып, билим издеп келгендер. Өзбекстандык жаштарды Кыргызстандан билим алууга эмне мажбурлайт? Студенттер өз окуялары, көйгөйлөрү жана алдыдагы максаттары менен бөлүштү.

Ош мамлекеттик университетинин өзүндө эле 12 миңге жакын өзбекстандык студент окуйт. Алардын бири 19 жаштагы Эргеш Сайфуллаев медицина факультетинин студенти. Өзбекстанда эки жолу жогорку окуу жайга тапшырууга аракет жасап, бирок сынакта упайы жетпей калган.

Анын айтымында, эгер өз өлкөсүндө келишимдик шартта окуй турган болсо, “супер-келишимдин” суммасы болжолдуу түрдө 10 миң АКШ долларын түзгөн.

Өзбекстанда ЖОЖдордо окуу акысы стипендиясыз 6 миллион 410 миң сумдан башталып (болжол менен 50 миң сом) 9 миллион 810 миң сумга (болжол менен 77 миң сомдой) чейин жетет.

Сайфуллаев окуу акысын төлөй албай турганын билип, Кыргызстандагы ОшМУга окууга тапшырууга аргасыз болгон.

“Арзаныраак болгондуктан ОшМУнун медицина факультетине тапшыра бердим. Мен билгенден 15-20 миң доллар акча кетирип окууга тапшыргандар деле болду. "Супер-келишимге" тапшырбай, Ошко тапшырганым үчүн 8 миң доллардай акчам чөнтөгүмдө калды”, - деди ал.

Азыр студенттин Ошто биротоло окуп калам деген ою жок, “батыраак өз өлкөмө окуумду которуп алсам” деп самайт.

29 жаштагы Фарход Сапаров да ОшМУнун медицина факультетинде окуйт. Ал мектепти бүтүргөн соң Өзбекстандагы коллеждердин биринде билим алган. Билимин жогорулаткысы келген жигит жогорку окуу жайга беш жыл катары менен тапшырып, бирок экзаменден өтө алган эмес.

Бул аралыкта Сапаров үйлөнүп, эки балалуу болгон. Ага карабай, былтыр үй-бүлөсүн мекенинде калтырып, Ош шаарына окууга келди. Студент ай сайын үй-бүлөсүнө барып турарын, окуусун өз өлкөсүнө которуп кетүүнү каалайт.

“Азыркы учурда үй-бүлөмдөн алыстамын, азыраак кыйынчылыктар бар. Үйүм жакын, ферганалыкмын. Бирок баары бир ата-энемден алыс турам да. Аларды көрө албайм, каалаган маалымда барып келе албайм”, - дейт ал.

Кыргызстандан билим алууга эмне мажбурлайт?

Студенттер буга Өзбекстандын мамлекеттик тестирлөө борборундагы “акыйкатсыздык” себеп экенин айтышат. Алар учурда өз өлкөсүндө “акчалуулар менен мансаптуулардын гана билим алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин” белгилешет.

“Тест борборунда чоң оюн бар. Алган баллыңды сатышат, башкага өткөрүп жиберишет. Ал нерселер жогоруда чечилет. Акчасы барлар чоңураак сумманы берет. Биздин талаптар, айткандарыбыз президентке жетпейт. Эч кандай ишенич жок. Мисалы акимчиликке “бул көйгөйүмдү чечип бериңиз” деп барсаңыз "эртең келиңиз" деп эртеңи түгөнбөйт, чечилбейт. Бизде ушундай. Баары оюн", - деди студенттердин бири.

Өзбекстанда мектепти аяктаган соң абитуриенттер мамлекеттик тест тапшырат. Аны Мамлекеттик тестирлөө борбору өткөрөт. Эгер босого баллдан өтө албай калышса, бир жолку “супер-контрактты” төлөп, окууга кирсе болот. Контракттын суммасы абитуриенттин жетпей калган упайына жараша миңдеген АКШ долларын түзөт.

Окууга өтө албай ара жолдо калган студенттер, ошентип, жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандан көрүшөт. Алардын саны көп болгондуктан Өзбекстанда Кыргызстандагы окуу жайларга киргизчү “ортомчу” фирмалар да пайда болгон. Аларга да бир топ акча төлөнөт, бирок абитуриенттер бир нече миң долларды үнөмдөп калганына сүйүнүп, фирмалардын кызматтарынан пайдаланышат.

“Фирмаларга кире турган окуу жайыңа карап акча төлөнөт. Мисалы, медициналык факультетке кирүү үчүн миң доллар керек. Бул жактагы экзаменден өтө албай калсаңыз деле окууга киресиз. Тактап айтканда, миң доллар бергениңиз - окууга кирдиңиз дегени”.

ОшМУнун медицина факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Максатбек Тажибаев чет элден келген студенттер тууралуу суроолорго жооп берди. Ал Өзбекстандан келген студенттер "ортомчусуз, түз эле университеттин сайтынан окууга тапшырышат" деп ишендирди.

"Ош мамлекеттик университетинде андай нерсе жок. Себеби бизге окууга кирип жаткан абитуриент бизден эч ким менен байланышпайт. Абитуриент түз эле ОшМУнун сайтына кайрылып, ошол жактан каттоодон өтүп, документтерин жөнөтүп, онлайн экзаменден өтөт. Эч ким менен сүйлөшүү болбойт, ортомчу жок. Эгер өздөрү тараптан ушундай нерселер болуп жаткан болсо анысын билбейт экем", - деди ал.

Тажибаев ошондой эле студент 1-курсту аяктагандан кийин өзү каалаган жакка окуусун которсо болорун белгиледи.

Деген менен декандын орун басары өзбек студенттери алгач окуудан кыйналышарын, аларга мугалимдер көмөк көрсөтөрүн билдирди. Ал окууга кызыгып, “Ошто калам деген студенттер көп” деп ишендирди.

Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров Кыргызстандын университеттеринин өзбек студенттерине көпүрө болуп бергени окугандарга да, Кыргызстандын экономикасына да пайда келтирет деп эсептейт. Ал бул тенденцияны сактап, керек болсо жогорулатуу керектигин айтты.

“Өз өлкөсүндө мүмкүнчүлүгү жетпеген студенттер келечекте бир кесиптин ээси болуп калуусуна мүмкүнчүлүк ачып берүү - чоң жетишкендик десек болот. Кыргызстандын аброю алардын көз алдында аябай жакшы кала берет. Студенттерге мүмкүнчүлүк түзүп берүү Кыргызстандын экономикасына кошумча киреше алып келет. Эки жыл болсо деле келишимин төгүп атат, келип жашаган мезгилде батирине ижара төлөйт, жеген-ичкени, баскан-турганына кеткен каражаттардын баары биздин экономикада калат”.

Өзбекстандык студенттер Кыргызстандын ЖОЖдорундагы пара маселеси тууралуу да пикирлерин билдиришти.

Эргеш Сайфуллаев Кыргызстанга окууга келген соң студенттер жыйынтыктоочу сессиялардан өтө албай калышса, “сабактарга карап 500 сомдон 1000 миң сомго чейин акча берилерин” айтты.

Бирок ОшМУнун деканынын орун басары Максатбек Тажибаев мугалимдер “сессияларды бүтүрүү үчүн” студенттерден акча алышат деген маалыматты четке какты. Ал мурда бул сыяктуу фактылар болгонун, бирок деканаттын курамы жаңылангандан бери катталбаганын айтты.

Студент Фарход Сапаров учурда окуу жайга жакын жердеги үйлөрдүн биринде ижарада турат. Анын айтымында, батирде өзүнөн сырткары дагы 40тай студент жашайт. Алардын баары Сапаровдой болуп билим алуунун айласын издеп келген өзбек жаштары.

Өзбекстандык студенттер чай үстүндө.
Өзбекстандык студенттер чай үстүндө.

Сапаров Кыргызстанга келип окуп жаткан студенттердин коопсуздугу жетиштүү деңгээлде корголбогонун белгиледи. Ал окуудан кийин көчөдө акчасын, буюмдарын алдырып, батирлерден кууп чыгарылган тааныштарынын окуяларын айтып кейиди.

“Түнү көчөгө чыккан студенттерди бөтөн кишилер уруп, акчасын алып койгон учурлар болду. Андайда милицияга арыз жазып, күнөөлүүлөрдү табышты. Бирок мындай окуялар көп болуп жатат. Ошондуктан батирибиздин ээси түнү көчөгө чыкпагыла деп эскертет”.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков милиция калаада окуган чет өлкөлүк студенттердин, анын ичинде өзбекстандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзгөчө иш-аракеттерди жүргүзөрүн айтат. Анын билдирүүсүндө, быйылкы жылдын эсебинен өзбек студенттерине карата же алар тарабынан жасалган кылмыш каттала элек.

"Негизинен алардын укуктарын коргоо үчүн биздин укук оргоо органдары дайыма даяр. Кандайдыр бир түшүнбөстүктөр, аларга карата кылмыштуу аракеттер болсо, коркпой эле өздөрүнүн жетекчилигине, укук коргоо органдарына түз кайрылса болот", - деди Сыдыков.

Фарход Сапаров үй-бүлөлүү болгондуктан, Өзбекстанга ай сайын барып турууга аргасыз. Ал эки өлкөгө кирип-чыгууда да чек ара бекетинде бир топ көйгөйлөргө туш болушарын айтты. Аларды эң түйшөлткөнү - коронавирусту аныктоочу ПЧР-тест. Сапаров коронавируска каршы вакцина алып, сертификаты болгонуна карабай, өлкөгө кирген сайын тест тапшырууга мажбур болуп жатканына түшүнбөйт.

“Эмнеге, эмне максат дейм да? Мисалы, коронавирусту аныктоочу тесттин жыйынтыгы эч качан беш мүнөттө чыкпайт да. Кеминде 24 саатта чыгышы керек. Ал жыйынтыгы чыккан тест 72 саатка иштеши керек. Чек арада тапшырылган тест болсо бир эле жолкуга болуп жатат. Мисалы бүгүн тест тапшырып Кыргызстанга өтсөм, эртеңки күнү Өзбекстанга кайтыш үчүн кайрадан тест тапшырышым керек. Бир күндө 260 миң сум кетет (болжол менен 2000 сом)”.

Өзбекстандын студенттер жашаган батир.
Өзбекстандын студенттер жашаган батир.

Анын билдирүүсүндө, студенттик билетин көрсөткөндөргө тесттин баасы арзан. 50 миң сумду - болжол менен 400 сомду түзөт. Ошентсе да бул акча бир батирде ижарада турган беш студенттикин бириктирсе, он күндүк тамак-ашка жетерин айтат.

Чек арадан өткөндөрдү текшерген Транспорттогу-мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, учурда кыргыз-өзбек чек арасына кирип чыгууда өзбек жарандары коронавируска карата ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Ал эми вакцина алган жарандардын сертификаты болгонуна карабай эки өлкөнүн ортосунда келишим кабыл алына элек, мындан улам бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргызстандын түштүгүндө жалпысынан 38 миңден ашуун чет элдик студент окуйт. Анын 20 миңдейи Ош шаарындагы университетте билим алып жатышат.

XS
SM
MD
LG