Казакстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, башаламандыкта жалпысынан 225 киши, анын ичинен күч түзүмдөрүнүн 19 өкүлү каза болду. Байкоочулар каза болгон карапайым тургундардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүндүгүн боолгошууда. Көз жумгандардын арасында Куат Биткенбаев менен Гүлзифа Кулсултанова да бар. Алардын машинеси күйүп кетип, сөөктөрү күлгө айланган.
7-январдын кечинде жубайлар Куат Биткенбаев менен Гүлзифа Кулсултанова Алматынын акимчилигинин алдынан машине менен өтүп баратышкан. Ошол каргалашалуу кечте алар туугандарынан келаткан. Жолдун так ортосуна жеткенде белгисиз бирөөлөр алардын машинесин аткылашкан. Автоунаа ичиндегилер менен кошо күйүп кеткен.
Балдар ата-энесин эки күн издеп, бардык ооруканаларды, өлүкканаларды кыдырып чыгышкан. 9-январда гана полиция департаментинен машине табылганын айтышкан. Ичиндеги адамдардын сөөгү да калган эмес, баары күлгө айланган.
"Келсек, машиненин баары тешик, өрттөнүп кеткен. Атамдын сөөгүнүн калдыктары бар экен. Бир туугандарым менен баарын чогултуп, баш сөөктөрүн таптык. Желтоксанчылар келип, колдоо көрсөтүштү. Баштыктарга салдык. Үйдүн ачкычы жез болгон үчүн күйбөй калыптыр",-дейт маркумдардын уулу Маулен Керимтаев.
Бир туугандар ата-энесинин сөөгүнүн калдыктарын 12-январда жерге беришти. Өлүкканадан азыркыга чейин баш сөөктөрүн берелек. Полиция кылмыш ишин козгогонун маалымдаган. Бирок кандай берене боюнча козголгону белгисиз. Машиненин өрттөнүп жатканын көргөн күбөлөр аскерлерден башка ал жерде эч ким болбогонун айтышууда.
"Бак жарылган эмес. Экспертиза өткөрүү керек. Бактын алдын бүт карап чыктым. Бак жарылса эшик менен терезеден эч нерсе калмак эмес. Машине экиге бөлүнүп калмак. Бак тарапты көздөй атышкан. Бирок ага тийбей калган. Жөн эле өрттөп жиберишкен",-дейт Маулен Керимтаев.
Мурдагы аскер кызматкери Куат Биткенбаев 72 жашта болчу. Өмүр бою мугалим болгон Гүлзифа Кулсултанова 63 жашка чыкмак. Экөөнүн үч баласы, сегиз небереси бар эле. Балдары адвокат жалдап, адилеттүү соттук териштирүү үчүн күрөшөрүн айтышууда. Маулен ата-энеси мындан 35 жыл мурун болгон Желтоксон окуяларына катышканын эстеди.
15-январда казак бийлиги башаламандыктарда каза болгон карапайым тургундардын санын жарыялады. Башкы прокуратура алдын ала маалымат боюнча 225 адам, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 19 кызматкери каза болгонун маалымдады. Алматы шаардык полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов 17-январда билдиргендей, калаага даярдыктан өткөн адамдар кол салышкан.
Алар өздөрүнүн кишилеринин сөөгүн да алып кетишкен. Таймерденов шаардагы өлүкканага жети жолу кол салынып, 41 сөөктү белгисиз адамдар уурдап кетишкенин кошумчалады. Ал арада жарандык активисттер бийликтен набыт кеткендердин аты-жөнүн жарыялоону талап кылып, өз алдынча тизме түзүүгө киришти.
Дайынсыз жоголгондор
Тополоңдо эки кыргызстандык көз жумганы расмий маалымдалды. Мындан тышкары Алматыдан Бишкекке кетип баратып кармалганы тууралуу маалымат тарап жаткан дагы бир кыргыз жаранынын дайыны азырынча белгисиз болууда. Консулдук аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында мал издеп жүрүп 10-январда казак чек арачыларына кармалганы айтылып жаткан студент Сыймык Өмүрбек уулу боюнча Казакстан жооп бере элек. 22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы 14-январда президент Садыр Жапаровдон уулун кайтарууга жардам сурап кайрылган.
Семей шаарынын тургуну Саяжан апасы бешинчи январдан бери дайынсыз экенин айтып "Азаттыктын" казак кызматына кайрылды.
"Апам Бибигүл Коканбекова 5-январда митингге кеткен, ал активист эле. Ушул күнгө чейин дайыны жок. Тиешелүү кызматтарга, полицияга чалдым. Ар кимиси ар кандай маалымат берип жатышат. Бирде "кармалган, бошотулат" дешсе, кээде андай адам жок экенин айтышат. Прокуратурага жаздым, жооп жок".
Саяжан апасынын өлүү-тирүүсүн билбей жатканын, айласы кетип отурганын айтат.
«Ар.Рух.Хак» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бахытжан Төрегожина каза болгондордун, кармалгандардын жана дайынсыз жоголгондордун тизмесин түзүүгө кирришти. Учурда ал жакка 500дөн ашуун адамдын аты-жөнү кирди. Дайынсыз жоголгондор ондоп саналат.
"Жоголгондордун катарына азыр өлүкканада жаткандар да кирет. Алматыда кырдаал баарынан оор болуп турат. Бул жакта кармалгандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны көп. Өлүкканалар толуп калган",-дейт Төрегожина.
Укук коргоочу Евгений Жовтис каза болгондордун жакындарынан маалыматтын жашырылышын мыйзамсыз деп эсептейт.
14-январда укук коргоочулар президент, акыйкатчы жана баш прокурордун атына кат жазышып, күч түзүмдөрүнүн кармалгандар жана дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат бербей жатканын сындап чыгышты.