Бишкекте 14-январда Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан эркек кишинин сөөгү табылды. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, маркум 1962-жылы туулган индус тектүү Кыргызстандын жараны экени аныкталды.
Азыркы тапта анын өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. (BCh)