Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

ЖК: Исаева, Сыдыгалиев жана Примов вице-спикер болуп шайланды


Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары.
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары.

Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, "Ишеним" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды.

Парламент бүгүн түшкө чейин түзүмүн бекиткен. Ага ылайык, бул чакырылышта сегиз комитет түзүлөт, вице-спикерлердин саны үчкө жетти. Сессияда комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу болду.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.

XS
SM
MD
LG