Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

USAID таза суу менен камсыздаган "Ийгиликтүү аймак-2" долбоорун баштады


Кыргызстандагы айылдардын бири.
Кыргызстандагы айылдардын бири.


АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясаты институту Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди.

Элчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана эс алгандарга шарт түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу иши жүрөт.

Долбоор айыл өкмөтү жана мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү, алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга үгүттөө аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга багытталган.
Буга чейин "Ийгиликтүү аймак" деп аталган долбоор 2016-жылдан тарта иштеп, өлкөдөгү 50 айыл жана шаардык өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөткөн.

Жыйынтыгында 31 миңден ашуун жаран таза суу менен камсыз болуп, 23 миңге жакын тургун таштанды чыгаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды алышты, ал эми беш муниципалитеттин көчөлөрүнө жарык орнотулган.

“Ийгиликтүү аймак-2” долбоору USAID тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясаты институту ишке ашырууда. Төрт жылдык долбоордун жалпы бюджети 4,9 млн. долларды түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG