Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

Чакан бизнес үчүн кассалык аппарат киргизүүнүн шарттары такталат


Буга чейин "Дордойдун" соодагерлери кассалык аппаратты киргизүүгө каршы нааразылык акцияларын өткөргөн.
Буга чейин "Дордойдун" соодагерлери кассалык аппаратты киргизүүгө каршы нааразылык акцияларын өткөргөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 12-январда Бишкектеги "Дордой" базарынын соодагерлери менен жолукту. Анда жаңы Салык кодексиндеги жоболор тууралуу түшүндүрмө берди. Өкмөттүн басма сөз кызматы Жапаров соодагерлердин сын-доомат, жүйөсүн угуп, сүйлөшүүгө даяр экенин билдиргенин маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү менен соодагерлерден турган жумушчу топ түзүү, чакан бизнес үчүн кассалык аппараттарды колдонуунун жеке шарттарын иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш былтыр жыл аягында жаңы Салык кодексин кабыл алып, президентке кол коюуга жөнөткөн. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы "Дордой", "Дордой Моторс" жана "Таатан" өңдүү базарлардагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Айрым ишкерлер жаңы “Салык кодекси” мамлекеттин кызыкчылыгында бир тараптуу жазылып калганын айтып, президентти ага кол койбоого, артка кайтарууга чакырышкан.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG