Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:23

Кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ЕАЭБ үчүн маанилүү экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу Евразия экономикалык биримдигинин экономикасына оң таасирин тийгизе турган долбоор. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин төрагасы катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылып жатып билдирди.

"Биз мүчө мамлекеттердин жана бүтүндөй биримдиктин экономикасына оң таасирин тийгизе турган инфраструктуралык долбоорлордун пулун жана аларды ишке ашыруу механизмин түзүүнү сунуштайбыз. Мисал катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча өтө маанилүү долбоорду алдыга жылдырып, андан ары ишке ашыруу максатка ылайыктуу көрүнөт", - деп айтылат кайрылууда.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу 20 жылдан ашык убакыттан бери демилгеленип, бирок ар кандай себептер менен салынбай келет. ЕАЭБге мүчө беш мамлекеттин үчөө (Орусия, Казакстан, Кыргызстан) Кытай менен чектешет. Үч мамлекеттин ичинен жалгыз Кыргызстандын Кытай менен темир жол байланышы жок.

2002-жылы Бээжин темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Быйыл Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешине төрагалык кылат. Маалым болгондой, төрагалыктын алкагында Бишкекте ЕЭКтин жыйыны жана Евразия экономикалык форуму (2022-жылдын май айында), Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөт.

2021-жылы ЕАЭБге Казакстан төрагалык кылган.

Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (МТа)

XS
SM
MD
LG