Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Кыргызстанда суюлтулган газ арзандашы мүмкүн


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жакынкы күндөрү суюлтулган газ 2-3 сомго арзандашы күтүлүп жатканын маалымдады. Агенттик арзандоо эмнеге байланыштуу экенин түшүндүргөн эмес.

Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы мекеменин сайтында автоунаага колдонулган газ тууралуу кенен маалымат жарыяланды.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги акыркы жылдары автоунааларга газ жабдууларын орнотуу көбөйгөндүктөн суюлтулган газдын баасы жогорулап кеткенин белгилейт. Учурда өлкөдө газдын литри 36-37 сомдон сатылууда. Ошондой эле маалыматта газ менен жүрүү экологиялык жактан таза жана бензинге караганда 30-40% арзан түшөөрү айтылган.

2020-жылы өлкөдө 45 миң тонна, 2021-жылы 70 миң тоннадан ашык суюлтулган газ керектелген. Кыргызстанга газ Орусиядан жана Казакстандан ташылып келет. 2017-2019-жылдары Кыргызстандагы кытайлык “Жунда” заводу 50 миң тоннага чейин газ өндүрүп, жылдык керектөөнүн негизги бөлүгүн жапканге жетчү.

Кыргызстанда бензинге салыштырмалуу газдын баасы арзан болгондуктан, машинасын газга өткөргөн айдоочулар көп. Машинеге газ жабдыгын орнотууда тийиштүү органдардын уруксаты керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG