Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:26

Санарип өнүктүрүү министрлигинде жетекчилик алмашты


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

Санарип өнүктүрүү министрлигинде жетекчилик алмашты. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы 6-январда билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Дастан Догоев министрлик кызматтан бошотулду.

Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды. Имановдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүү тууралуу токтом кылынды.

35 жаштагы Догоев 2019-2020-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон. Санарип өнүктүрүү министри болуп 2021-жылдын 20-майынан 12-октябрына чейин иштеп, кийин жаңы Министрлер кабинети куралгандан кийин да бул кызматта калган.

Талантбек Иманов 35 жашта. Интернеттеги ачык маалыматтарга караганда, ал эмгек жолун 2008-жылы «Дастан» ишканасынын коопсуздук кызматынын жумушчусу болуп баштаган. Кийин "Газпром Нефть Азия", "Улан", "Полигон", "Дастан" компанияларында иштеген. 2020-жылы "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG