Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:02

Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракета учурду


Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы.
Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы.

5-январда Түндүк Корея өзүнүн чыгыш жээгинен деңизди көздөй ракета учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын жана Жапониянын аскер кызматтары кабарлашты.

Жапониянын Коргоо министрлиги жээк сакчылыгына таянып бул ракета баллистикалык болушу мүмкүн экенин билдирди. Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын бирдиктүү комитети ракета чыгыш сууларын көздөй атылганын кошумчалашты.

Ракетанын атылышы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскердик потенциалын дагы арттырууга убада бергенден кийин болуп жатат. Башкаруучу партиянын жыйынындагы сөзүндө ал ракета же, өзөктүк курал экенин тактаган эмес, бирок улуттук коргоону чыңдоо жөнүндө сөз кылды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясында Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды сыноосуна таптакыр тыюу салынган жана Пхеньяндын куралдануу программаларына байланыштуу санкция салууну караган.

Түндүк Корея жакында эле иштелип чыккан куралды сентябрь жана ноябрь айларында сынаган болчу. Анда Түштүк Корея менен Жапонияга чейин жете турган ракеталар, өзөктүк аткычтар атылган.

COVID-19 пандемиясы башталгандан кийин Түндүк Корея чек араларын толук жаап, натыйжада соода жана башка дипломатиялык сүйлөшүүлөр басаңдаган. АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы дипломатияны жандантууга даяр экенин бир нече жолу жарыялаган. Түндүк Корея азырынча мындай сунушту кабыл албай келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG