Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

11:46 6.1.2022

11:39 6.1.2022

Алматынын борбордук бөлүгүндөгү ок атышуу токтоду

Алматы. 5-январь, 2022-жыл.
Алматы. 5-январь, 2022-жыл.

Күч түзүмдөрү Алматынын борбордук бөлүгүндөгү Республика аянтынан чыгып кетти. Бул тууралуу "РИА-Новости" агенттиги кабарлады.

Бүгүн, 6-аянварда эртең менен аскер күчтөрү атайын техникалары менен Алматыдагы негизги аянтка келгени кабарланган эле. Ушундан кийин ок атышуулар болгонун окуянын күбөсүнө таянып "Рейтер" агенттиги жазып чыкты. 5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышкан.

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилген. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган эле.

05:03 6.1.2022

ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Казакстанга жөнөтүлөрү кабарланды

Никол Пашинян
Никол Пашинян

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда "Фейсбук" аркылуу жарыялады. Ал мындай чечим "Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө" байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

"Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУнун коопсуздук кеңеши Казакстанга өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды", - деп жазды Пашинян.

Бирок Пашинян бейпилдик күчтөрү так канча убакытка, качан Казакстанга жөнөтүлөрүн тактаган жок. ЖККУнун Кыргызстан сыяктуу башка мүчөлөрү азырынча расмий маалымат бере элек.

Анын алдында Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн ЖККУнун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген.

Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

04:52 6.1.2022

Кыргызстан Казакстанга өз колдоосун билдирди

6-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда “эки элдин эзелтеден берки тарыхы көрсөткөндөй, Кыргызстан бир тууган Казакстанга тилектеш жана бардык колдон келген жардамын берүүгө даяр”, - деп айтылат.

ТИМдин билдирүүсүндө Кыргызстан казак эли менен бийлиги бардык маселени "диалог аркылуу укуктук талаада чече аларына" жана Казакстан кырдаалды "сырттан кийлигишүүсүз жөндөйт" деп ишенип турганы белгиленет.

АКШ, Евробиримдик дагы казак бийлигин сабырдуулукка, ал эми нааразылыкка чыккандарды өз талаптарын тынч жол менен билдирүүгө үндөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG