Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Казакстан: эл газдын кымбатташына каршы көтөрүлдү


Жаңы-Өзөн. 3-январь, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөн. 3-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай шаарчасы - Жаңы-Өзөндө газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг жекшембиден бери токтой элек. Ал эми казак бийлиги Жаңы-Өзөндө көгүлтүр от "кескин кымбаттабайт" деген билдирүү таратты.

2-январда Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургуну акимчиликтин алдына газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Автоунаалардын көбү газ менен жүргөн шаарда нааразылык акциясына чыккандар борбордук көчөлөрдүн бирин бөгөп, жол кыймылын токтотушкан. Алар суюлтулган газдын баасынын бир литрин 50 теңгеге чейин түшүрүүнү талап кылышкан.

Чогулгандардын айтымында, 31-декабрда калаада суюлтулган газдын баасы 100 теңге болсо, 1-январдан тарта 120 теңгеге көтөрүлгөн.

Жаңы-Өзөн шаарында чогулгандар облус жетекчиси Нурлан Ногаев менен шаар акими Максат Ибагаровду бааны турукташтыруу жана күйүүчү майдын тартыштыгын болтурбоо боюнча чара көрүүгө чакырышты.

Жаңы-Өзөн шаарында митингге чыккандар. 3-январь, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөн шаарында митингге чыккандар. 3-январь, 2022-жыл.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Энергетика министрлиги өлкөдө суюлтулган газды керектөө жыл сайын өсүп жатканын, ал эми өндүрүш көлөмү мурунку жылдардагы деңгээлде сакталып калганын, бааны арзандатуу мүмкүн эместигин билдирген.

Мындай жоопко канаттанбаган митингчилер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, социалдык маселени тез арада чечүүнү суранышты.

Жекшембиден бери нааразылык акциясына чыгып жаткан жаңы-өзөндүктөрдү Актау шаарынын миңдеген тургуну да колдоп, митингге чыгышты. Алар "Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттерине ызгаардуу суукка карабай шаардагы "Ынтымак" аянтында түнөшкөнүн, бирок полиция аларды күч менен кууп жатканын айтышты.

"Бул жерге жекшемби күнү саат 20:00 чамасында чогулганбыз, азыр таңкы саат 10:00 болуп калды, дагы эле турабыз. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн бири да биз менен сүйлөшүүгө келген жок. Биз да кечээ кечинде жолду жапканбыз, миңден ашык адам чогулду. Түн ичинде алардын көбүн полиция жана ОМОНдор аянттан күч менен алып кетишкен. Жакын жердеги дүкөн даараткананы жаап, интернетти өчүрүп салган. Бизди кармап, ажаатканага киргизбей коюшту. Газдын баасын 60 теңгеге түшүрүү талабы аткарылмайынча, күтөбүз", - дешти Актау шаарында "Ынтымак" аянтына чогулгандар.

Акцияга чыккандар жаратылыш ресурстарына бай Казакстандын батыш аймагындагы калктын көбү мунай-газ тармагында иштебегендиктен кирешеси төмөн экенин эскертишти.

Ал эми Нур-Султандагы Кенесарынын эстелигине Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды колдоо үчүн келген үч адамды полиция кармап кетти. Күч түзүмдөрү окуя болгон жерди видеого тартууга уруксат бербей, “Азаттыктын” журналистинин иштөөсүнө тоскоолдук кылганы кабарланды.

Социалдык тармактарда тараган видеого караганда, борбор калаанын акимчилигине жакын жерде да кармалгандар болду. Андагылар дагы баанын көтөрүлүшүнө каршы чыгышты. Полиция жана жарандык кийимчен айрым бир адамдар митингчилердин жанына келип, «жыйналыш мыйзамсыз экенин» айтып, кийинчерээк алардын баарын күч менен автобуска салып, алып кетишкени белгилүү болду.

Дүйшөмбүдө эртең менен казакстандык оппозициячыл активист Жанболат Мамай элди Алматы шаарынын борбордук аянттына митингге чыгууга чакырды. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин Алматынын ички иштер башкармалыгы Мамайды шаардык тергөө бөлүмүнө «кылмыш иши боюнча» жооп берүү үчүн чакырганы айтылды

Казакстандын Чымкент шаарында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 3-январь, 2022-жыл.
Казакстандын Чымкент шаарында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 3-январь, 2022-жыл.

Ал арада Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Мангыстау облусунун социалдык-экономикалык абалын карай турган өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн, өкмөт Жаңы-Өзөндөгү кырдаал боюнча чара көрө турганын расмий сайтында кабарлады.

"Учурда Мангыстау облусундагы май куюучу жайлардын ээлери газдын литрин 120 теңгеден 85-90 теңгеге чейин арзандатуу боюнча активдүү чечим кабыл алышты. Баанын туруктуулугун камсыз кылуу жана газдын баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча чаралар көрүлөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Муну менен катар президент Токаев "Твиттердеги" баракчасына “Жарандар жергиликтүү жана борбордук бийликтерге ачык талаптарды коюуга укуктуу, бирок бул мыйзамга, тактап айтканда, тынчтык митингдер жөнүндөгү мыйзамга ылайык жасалышы керек” деп жазды.

Мангыстаулуктар көгүлтүр оттун баасын арзандатуу талабы менен биринчи жолу чогулуп жаткан жок. 2020-жылы январда Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын баасы 55 теңгеден 65 теңгеге көтөрүлүп, шаардык акимчиликтин алдына чогулган тургундар газдын баасын 55 теңгеге арзандатууну талап кылышкан.

Жаңы-Өзөндө суюлтулган газды чыгарган жападан-жалгыз газ иштетүүчү завод бар. Мындан он жыл мурун да облуста эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган мунайчылардын жети айга созулган иш таштоосун полиция 16-декабрда тараткан. Анда расмий маалыматтар боюнча 17 адам каза болгон. Жаңы-Өзөндө андан бери газдын баасы бир нече эсе кымбаттаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG